Казакстандын прокуратурасы өлкө президенти Нурсултан Назарбаевдин быйыл апрель айында Чимкент облусуна болгон сапарынын алдында бир канча террордук актылардын алды алынганын кабарлады. Маалыматка караганда, диний экстремисттик топтун өкүлдөрү Чимкенттеги улутук коопсуздук комитетинин имаратын жардырмакчы болушкан. Бул топтун 13 мүчөсү камакка алынганы кабарланууда.