БИШКЕК. Казак президентинен кийин сөз алган Кытайдын президенти Ху Цзиньтаонун сөзү орус тилине жыйынга катышып жаткан президенттерге жана аларга жакын отурган чиновниктерге гана которулду. Мындай мүмкүнчүлүктөн КТР аркылуу жыйынды көрүп жаткан эл дагы, ШКУнун маалымат борборундагы («Ак кеме» мейманканасы) журналисттер дагы кур калышты. Ошентип Кытайдын мамлекет башчысы эмне тууралуу сүйлөгөнү азырынча көпчүлүккө табышмак. Муну журналисттер жана талдоочулар ШКУнун уюштуруу комиссиясынын орчундуу кемчилиги катары баалашууда. (КО)
11:30 Кытайдан төрагасынын сөзү КТР аркылуу да, «Аккемедеги» журналисттерге да которулган жок