Саммитте өлкө башчысы К. Бакиевден соң сөз алган казак президенти Нурсултан Назарбаев ШКУнун дүйнөдө ээлеген орду жыл сайын артып жатканына токтолду. Өз сөзүндө Н. Назарбаев ШКУга кирген өлкөлөрдүн маданиятын жана тарыхын окута турган борбор ачуу сунушун киргизди. Казак президенти экологиялык маселелерге дагы токтолуп, жыл сайын бул көйгөй Борбордук Азия үчүн өзгөчө актуалдуу болгонуна токтолду. “Дарыялардын соолуп жатышы, экологиялык маселелердин күн санап көбөйүшү тынчсызданууну туудурбай койбойт. Андыктан ШКУнун мүчөлөрү бул маселеге дагы өзгөчө көңүл бурса жакшы болмок”,-деди Н. Назарбаев. Казак президенти саммиттин катышуучуларына бирдиктүү инвестиция долбоорлорун иштеп чыгуу жана энергетика агенттигин түзүү сунушун киргизди. (ZMa)