Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:36

14:00 Саммиттин катышуучулары маалымат жыйынын өткөрүштү


Документтерге кол коюу аземи аяктагандан кийин, ШКУга мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчылары маалымат жыйынын өткөрүштү. Алар ШКУнун мааниси, бүгүнкү кол коюлган документтердин ролу тууралуу ойлорун айтышты. Өзбекстандын президенти Ислам Каримов кесиптештерин сөздөн ишке өтүүгө чакырды. Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев бүгүнтөн тарта ШКУга төрагалык кылуу Тажикстанга өтөрүн жарыя кылды. Ошондой эле анын айтуусунда 2009-жылы ШКУ саммити Орусиянын Екатеринбург шаарында өтөт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG