БИШКЕК. 16-августта Бишкекте болгон ШКУнун саммитинде кабыл алынган декларацияда эларалык жаңы коркунучтарга каршы кызматташуу жана бул кызматташууну эларалык нормаларды бекем сактоо менен ишке ашыруу, ал иште кош стандарттарга жол бербөө айтылган. ШКУга мүчө мамлекеттердин аймагында коопсуздукту сактоо жана баардык эларалык уюмдардын кызыкчылыктарын теңсалмактап сактоо, ал уюмдардын көз карандысыздыгын камсыздоо, эларлык конфликтерди чечүүдө жанга жөнгө салууда баардык эларлык нормаларды бекем сактап иштөө айтылган Бишкек декларациясында. Ошондой эле документте дүйнөдө маданияттардын жана цивилизациялардын ар түрдүүлүгүн колдоо, цивилизациялардын жана диндердин ортосундагы диалогду тереңдетүү багытындагы демилгелерди колдоо белгиленген.
Декларацияда ошондой эле БУУ менен кызматташууну колдоо, Ооганстан менен ШКУнун байланышын чыңдоочу топтун ишине көмөк көрсөтүү менен Ооганстандагы туруктуулукту камсыздап, бул мамлекеттин эколномикасына жакшыртууга кол кабыш кылууга ШКУ даяр деп айтылат.(КО)