Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:39

ЖАЛАЛАБАТ: ЖЕР ЭЭЛЕГЕНДЕР НААРАЗЫ


2005-жылы Жалалабат шаарындагы канаттуулар фабрикасынын аймагын басып алгандардын 40 өкүлү 13-августта шаар мэриясы менен облустук бийлик алдында пикет өткөрүштү. Алар ал жерлерди мыйзамдуу жолдор менен туура бөлүштүрүп берүүнү талап кылышты. Талаптары аткарылбаса Бишкек жөө жүрүшүн уюштуруу менен түрдүү акцияларды баштаарын эскертишти. Шаар мэри Дүйшөн Мамасалиевдин жообу боюнча турак-жай курууга ким муктаж экендиги, жер ээлегендердин канчасы кезекте туруп, нечеси шаар тургуну экендиги иликтенүүдө.

Жалалабат шаарындагы мурдагы канаттуулар фабрикасынын жайдак аянттарын эки жыл мурда облустагы турак-жайга муктаж адамдар ээлеп алышкан. Төрт миңге чукул киши жер алуу кезегинде турганы менен алардын төрт жүзүнө гана жер кесиндилери тийген. Бирок, басып алынган аянттар мыйзамдаштырылып берилбегендиктен жер ээлегендер курулуш баштай албай арсар абалда калышкан. Алардын өкүлдөрү шаар жетекчилигинен жерди менчиктештирип, турак-жай курууга мүмкүнчүлүк түзү талабын коюшту. Калыскан Абдыкаимованын айтымында жер ээлегендердин бардыгы жакыр адамдар:

- Карапайым кыйналган элге берсе. Чиновниктерде ушунча жер кармалып турбаса. Биз ошону суранып, мэрдин алдына келдик. Убакыт өтүп жатат. Күз айы да келип калды. Биз былтырдан бери ташта жатабыз. Жерге жетпей калгандар да бар. Муну кезекте тургандарга беребиз дейт. Былтырдан бери элди кыйнабастан чечип берсе болмок,- дейт Калыскан Абдыкаимова.

Жер аянттары мыйзамдуу берилбегендиктен жер ээлөөчүлөр менен канаттуулар фабрикасында мурда иштегендердин арасында чыр-чатактар да орун алууда. Алмакан Эшатованын боолгошунча мындай жаңжалдарды тартипке салаар уюм-мекемелердин иш-аракети байкалбайт:

- Бул жактан Мундузу чыгат. Тигил жактан дагы бирөөсү чыгат. Келип алышып биз менен жер талашышат. Жетимибиз бар, жесирибиз бар, таптакыр үйү жокторубуз бар. Бизге чечип берсин ошол жерди,- деди Алмакан Эшматова.

Жер басып алгандардын акыбалынан кабар алууга жергиликтүү бийлик анча кызыкдар эмес. Турак-жай үчүн жер бөлүштүрүүдө калыстык болбой жаткандыгына шаар мэриясынын алдында нааразы болуп тургандардын бири Роза аттуу аял кападар:

- Бизден кабар алган деле эч ким жок. Жардам берели деген киши жок. Чет жактардан жардам келет аны элдерге жардам иретинде берсе жакшы болмок да. Төрт сотыхтан эле жер берсе. Кезегибиз такыр жылган жок.

Шаарда он беш жылдан бери турак-жай аянттары кээде жең ичинен бөлүнүп келатканы жашыруун эмес. Колунда каражаты жана жарытылуу жумушу, үстүндө үйү жок катардагы адамдар турак-жай үчүн жер алалбаган. Көрүнгөндүн батиринде жашоо көкөйүнө тийген Бурулай Арапбаева ээленген жерлер мыйзамдуу түрдө элге өткөрүү талабы орундалбаса, түрдүү нааразылык акцияларын баштап, президент олтурган Акүйгө жөө жүрүш менен барууга муктаж болоорун билдирди:

- Акчасы бар адамдар келип сатып алып жатышат жерлерди. Ал эми карапайым элге эч нерсе жок. Бизге боор ачый турган адамдар барбы? Биз премьер-министрге чейин кирип чыктык. Эми чечип бербесеңер жөө жүрүш кылып, Курманбек Бакиевге барабыз. Ачкачылык жарыялайбыз,- дейт Бурулай Арапбаева.

Кыргыз өкмөтү жакында фабриканын 27 гектардан ашык аянтын шаар карамагына өткөрүп берген. Мэрия тарабынан ал жерге курулуучу турак-жай имараттардын долбоору түзүлүп бүттү. Жергиликтүү бийлик алдына келгендердин жер ээлгендерден кабар албай, жер бөлүштүрүү пара менен коштолуп жатат дегени туура эмес. Ушул тапта жер басып алгандардын канчасы кезекте тураары жана нечеси турак-жайга муктаж экендиги иликтенүүдө. Шаар мэри Дүйшөн Мамасалиевдин жообу боюнча жакынкы апталарда 200- 250 кишиге жер мыйзамдуу түрдө берилип калуусу ыктымал:

- Кызылтуу айыл өкмөтүнөн ким басып алган. Ошонун баарын текшерип, иликтеп, мен комиссия түзгөнмүн. Төрт миң адам кезекте турганда биринчи жок дегенде 200-250 биринчи кезекте турган адамдар барбы же болбосо үй алып кеттиби, ошолорго кат жиберип, бул адамдарга берилип жатат деген абалга жетишебиз.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG