Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:00

КЫЗЫЛКЫШТАКТЫКТАР МЕНЕН АЙЫЛ ӨКМӨТҮНҮН ЧАТАГЫ


ШКУ саммитинин астанасында Карасуу районунун Кызылкыштак айыл өкмөтүнүн тургундары эки жаат болуп жакалашты. Биринчи жак айыл өкмөт башчысы Батыр Казаковдун токтоосуз отставкага кетишин талап кылса, экинчи тарап анын ордуна калышын колдоп чыгышты.

Эки тарап тең “АКИ пресс Фергана” агенттигинде маалымат жыйынын өткөрүшмөк. Бирок иш чара баштала электе пикири келишпей өз ара чатакташты.

Жаңытурмуш айылынын тургуну, жеке ишкер Супатулло Мамыркаев айыл өкмөтү Батыр Казаков каяша сүйлөгөндөрдү баш көтөртпөй куугунтуктап келаткандыгын, анын өзү облустук психикалык ооруканада эсепте турарын, бийлик таптакыр чара көрбөй атканын, аргасыздан ШКУ саммитинин учурунда массалык маалымат каражаттары аркылуу коомчулук көңүлүн буруу ниетинде топтолушкандыгын жар салды:

- Батыр Казаков өзү 1991-жылдан ушул күнгө чейин психикалык ооруканада шизофрения деген диагноз менен катоодо турган. Жантөрө Сатыбалдиевге бизди куугунтуктап атат десек, үч күндө чечип берем деди эле. ШКУ убактында биз чыгып атабыз.

Кызылкыштак айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкери Эркайым Камчыбекова уюшкан оппоненттер жетекчибизге жүйөсүз асылып жатат, баш көтөртпөгөн ыксыз текшерүүлөр тажатып бүттү деп эсептейт:

- 2005-жылы айыл өкмөт алмашып, Батыр Казаков 80 пайыз менен шайлоодон өткөн. Ошондон бери айыл өкмөттө тынчтык жок. Текшерүүчүлөр келип, иштегенге болбой атат.

Арийне Ош облус губернаторунун орунбасары Болот Бүргөев кызылкыштактыктардын дооматына макул эмес:

- Кызылкыштак айыл өкмөтүнүн аймагындагы жарандар башчысына арызданып жүрүшөт. Бул маселе боюнча былтыр комиссия түзүлүп, жети пунктта жооп берилген. Ушул боюнча аларга түшүндүрмө бергенбиз. Ага карабай ошол эле пункттарды кайра жазып атышат.

Тарап кетээрдин астында нааразы болгон жактын өкүлү Мырзалы Мусабаев карыя акыркы үмүт президентте калгандыгын, эми Бишкекти карай сапар тартышарын билдирди:

- Текшерүүчүлөр жакшы текшерип беришкен жок. Биз эми 2-3 күндө Бишкекке Курманбек Бакиевге жана Алмазбек Атамбаевге барабыз.

XS
SM
MD
LG