Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:46

7:00 Бүгүн ШКУнун «Тынчтык миссиясы-2007» деп аталган аскерий машыгуусу жыйынтыкталат


Орусиянын Челябинск облусундагы Чебаркуль шаарында өтүп жаткан машыгуунун бүгүнкү жыйынтыктоочу бөлүгүнө аталган уюмга мүчө өлкөлөрдүн президенттери байкоо салмакчы. Ага катышуу үчүн кыргыз президенти Курманбек Бакиев да бүгүн эртең менен Орусиянын аталган аймагына жол тартты. 9-августта башталган бул машыгууга ШКУга мүчө өлкөлөрдөн жалпысынан 6 миңге чукул аскер катышып, Кыргызстандан болсо десанттык-чалгындоо бөлүгүнүн жоокерлери тартылган. Шанхай кызматташтык уюмуна Орусия, Кытай, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан мүчө. Кечээ Бишкекте бул уюмдун жетинчи саммити өткөн.(SM)

XS
SM
MD
LG