Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:46

КАЗАКСТАНДА КЕЗЕКСИЗ ПАРЛАМЕНТТИК ШАЙЛОО ӨТКӨРҮҮЛҮДӨ


Нарын АЙЫП, Прага Үстүбүздөгү жылдын май айында казак конституциясына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, парламенттин ылдыйкы палатасына шайлоо мөөнөтүнөн мурда, 18-августта өткөрүлүүдө. Байкоочулардын пикиринде, казак калкы арасында азыр бул шайлоого көңүл аз бурулууда жана добуш бергендердин саны өтө төмөн болуп чыгышы мүмкүн.

Азыркы шайлоо кезексиз, 18-май күнү өлкө конституциясына өзгөртүү киргизилгени менен байланыштуу мурдагы мажилисти таркатып, анын ордуна жаңы парламент шайлоо жөнүндө президент Нурсултан Назарбаев июнда жарыялаган: "Мен Мажилисти таркатуу жана жаңы шайлоо дайындоо жөнүндө чечим кабыл алдым. Партиялык тизме менен шайлана турган парламенттиин Мажилисине кезексиз шайлоо 2007-жылдын 18-августунда өткөрүлсүн", - деп жарыялаган Назарбаев мындан эки ай мурда.

Мажилисте азыр 107 орун бар, алардын токсон сегизи партиялык тизме менен шайланат, парлементке өтүш үчүн шайлоого катышкан партиялар жети пайыздан төмөн эмес добуш чогултууга тийиш. Калган тогуз депутатты 20-августта өлкөнүн улуттук азчылыктарын бириктирген Казакстан элинин ассамблеясы тандайт.

Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, президент эми премьер-министрди Мажилистин макулдугу менен гана дайындайт, андан тышкары парламент - Конституциялык комитеттин, Борбордук шайлоо комиссиясынын, Эсептөө комитетинин мүчөлөрүн дайындоо боюнча дагы кошумча укук алды, ошондуктан бул реформа - демократияны карай жана Казакстанды парламенттик мамлекетке айлантуу багытында жасалган кадам катары көрсөтүлүүдө.

Акыркы мезгилде бийликти колдогон саясатчылар "Нур Отан" деген партияга бириккен жана бардык байкоочулардын пикиринде, Мажилистеги көпчүлүк орун "Нур Отанга" тийет. Аны менен катар парламентке "Ак жол" жана Жалпы улуттук социал-демократиялык партия өтөт деп күтүлүүдө, бирок "Нур Отандан" башка партиядан эч ким шайланбай калышы да мүмкүн. Өлкөнүн коммунисттик партияларынын бири шайлоого бойкот жарыялаган, анткени түзүлгөн азыркы абалда оппозициянын мүмкүнчүлүктөрү өтө чектелүү.

2005-жылдын аягында оппозициялык саясатчы Заманбек Нуркадилов, андан үч ай өтпөй - оппозициянын идеологу болуп эсептелген Алтынбек Сарсенбаев өлтүрүлгөндөн кийин казак оппозициясынын аракеттери өтө басаңдады. Ошондуктан азыр жаңы маселе чыгууда - добуш берүүгө өтө аз адам келиши мүмкүн.

Биринчиден, шайлоо аркылуу калк бийликти баары бир алмаштыра албай турганын жакшы билет, экинчиден, оппозициялык партиялар менен кыймылдардын аракеттери баары бир маалымат каражаттары аркылуу жакшылыктуу чагылдырылбайт, ошондуктан кеңири элдик колдоого жетүү алар үчүн өтө кыйын. Андан тышкары, шайлоо жайкы эс алуу учурунда өткөрүлүп жатканы дагы терс салым кошушу мүмкүн.

Ошол себептен 15-августта президент Назарбаев калкка кайрылып, элди шайлоого кеңири катышууга чакырды: "Урматтуу казакстандыктар! Бардык мекендештерибизди 18-августта шайлоо түйүндөрүнө келип, добуш берип, өздөрүнүн жарандык парзын аткарууга чакырам. Сиздер ал күнү жаңы Казакстан үчүн, анын демократиясы менен кубаттуу өнүгүүсү, келечекте башкалар менен таймаша ала турган улутубуз үчүн добуш берээриңерге ишенемин", - деди Назарбаев.

Шайлоо учурунда жөнөкөй бюллетендерден тышкары электрондук аспаптер менен дагы добуш берүү мүмкүн, бирок белгилүү эксперттер Жандос Кашкимбаев менен Бахыт Каракбай 16-августта элге кайрылып, бюллетендер менен гана добуш берүүгө чакырды, анткени электрондук добуштарды бийлик оңой бурмалай алат.

XS
SM
MD
LG