Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:42

БИЙЛИКТИ СЫНДАГАНДАРДЫ ИЙГЕ САЛУУНУН МУРМАНСКИЛИК ЫКМАСЫ


Орусиянын акыйкатчысы Мурманск облустук психикалык оорууканасында жаткан Лариса Арапты үйүнө койо берүүгө чакырган эле. Ага карабай, дарыгерлер Ларисаны оорууканада кармашууда. Лариса Араптын айтышынча, психикалык оорууканада жаткан балдарды уруп-кемсинтүүлөр жана зордуктоо фактыларын ашкерелеген макаласы үчүн андан бийликтер ушинтип өч алышууда.

Лариса Арап 5-июлдан бери Мурманск облустук психикалык оорууканасында жатат. Ларисадан жергиликтүү психикалык ооруканада жаткан балдарды кордоп-кемсинтүүлөр жана зордуктоолорду ашкерелеген “Жиндикана” деген макаласы үчүн дарыгерлер өч алышууда деп санайт Араптын үйбүлөсү.

Орусиянын көзкарандысыз психиатрлар ассоциациясынын төрагасы Юрий Савченко да өткөн аптада Ларисанын ал-абалын текшерип көргөндөн кийин, анын мыйзамсыз негизде кармалып жатканын билдирген. Бул окуя “медицина Совет доорундагыдай адамды коргоо үчүн эмес, мамлекетти коргоо үчүн пайдаланылып жатканын күбөлөйт” деген Савченко ИНТЕР ФАКС агенттигине.

Адам укугун коргоочу уюмдар жана Гарри Каспаров башындагы Бирдиктүү жарандык фронттун кайрылуусунан кийин Орусиянын акыйкатчысы Владимир Лукин дарыгерлерден Лариса Арапты үйүндө дарылоону сунуш кылган эле. Бирок, бул үндөөлөрдү Мурманск облустук психикалык ооруканасынын жетекчилиги жоопсуз калтырууда.

Ларис Арап “Азаттык” радиосуна телефондон берген интервьюда доктурлардын келерки консилиумга качан чогулары белгисиз экенин айтты:

- Лукиндин сунушун эшитип, эми чыгат экенмин деп абдан кубангам. Бирок, доктурлар сунушка кулак салышпады. Мени үйгө чыгарышкан жок. Алар түрдүү нерселерди айтып, мени башка бөлүмгө жаткырууга аракеттенип жатышат. Алар мени качан койо беришээрин да айтышпады. Мени чыгаруу боюнча коммисия качан чогулаары да беймаалым.

Лариса Арап - оппозициядагы Бирдиктүү жарандык фронттун мүчөсү. Андыктан, укук коргоочулар Ларисаны бийликтер совет заманындагы диссиденттер сыяктуу акылы кейбир адам деп, коомчулуктан бөлүүнүн амалын кылышууда дешет.

Облустук жетекчилер Арапты психикалык оорууканага жаткыруу анын саясый ишмердүүлүгү жана “Жиндикана” деген макаласына тийштиги жок экенин, 2004-жылы Лариса эки жума дарыланганын айтып актанышууда.

Лариса мурда психикалык жактан дарыланганын, доктурлар ошол фактыга шылтап, аялын оорууканага күчтөп жаткырышканын күйөөсү Дмитрий Терезин тастыктады. Дмитрий аялы менен үзбөй телефондон баарлашып турат:

- Лариса Ивановна менен сүйлөшүп турам. Аны ооруканадан чыгарыша элек. Доктурлар аны текшерип көрүп, бүтүм жасашат. Биз Лариса Ивановна үйгө чыгарылат деген үмүттөбүз.

Бирдиктүү жарандык фронт Лариса Арапты психикалык оорууканада кармоону сындап, аны тезинен бошотууну талап кылган.

XS
SM
MD
LG