Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:07

Иракта шейшембидеги жардыруулардан мерт болгондордун саны 400 гө жетти

Ирактын түндүгүндө ушул шейшембиде болгон жардыруулардан курман болгондордун саны 400 кишиге жеткенин өлкөнүн ички иштер министрлиги кабарлады. Минситрликтин өкүлү Абдул Карим-Халафтын айтымында, бул жардырылууларга эки тоннадай жардыргыч зат колдонулган. Бул Иракта согуш башталган 2003-жылдан берки эң кандуу чабуулдардан болуп калды. Сириянын чек арасында жакын аймактагы бул терракт Ирактын түндүгүндө жашаган Йазидилер деп аталган диний азчылыкка каршы багытталганы божомолдонууда.
XS
SM
MD
LG