Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:46

АБЫКЕ ТАЛООН …


Манастын көзү өткөндөн кийин анын аталаш туугандары Абыке менен Көбөш кыргыздын Теңирге тете Бакайын төө кайтартып, баатырдын энеси Чыйырды менен өмүрлүк жары Каныкейди бөтөн жакка кубалап, байлыгы менен мал-мүлкүн каракчылык менен талап алган… деп айтылат эпосто.

Жогору жактагы кимдир бирөөлөрдүн ишараты мененби, айтор Кыргызстанда тирукмуштай нерселер жасалууда. Ысык-Көлдүн жээги кескиленип, майдаланып, бөлүк-бөлүктөргө бөлүнүп сатылып жатат. Эми деги эле сатып жиберүүгө же жеке менчикке берип жиберүүгө болбой турган профсоюздардын мүлкүн талай башташты деп кабарлаган «МСН суббота» гезити, бир гектар жердин баасы 250 миңден 500 миң долларга чейин чыгып жатканын кабарлап, буга дейре эле көлдүн жери менен соода кылган профсоюз көзүрлөрүнүн ысымдарын келтирди. Мисалы «Кыргызтуризмдин» өкүлү Кулмамбетов Бишкектик Саякбаевге Тору Айгырдагы балдардын ден соолугун чыңдоочу «Улан» борборунун аймагынан 11 миллион сомдук 5 гектар жерди-945 миң сомго, профсоюздардын Ысык-Көл облкеңешинин төрагасы Кербенбаев Караколдогу Альпы лагерин Акибай уулу Асхатка-224 миң сомго, Бостеридеги Ысык-Көл туристтик пансионаттын кызматкери Узакманова 2 кабаттуу жатакана имаратын жана ондогон жыгач коттедждери бар 3,8 гектар жерди-328 миң сомго сатып алганын, булар айсбергдин үстүңкү гана бөлүгү экендигин…Эл байлыгын мына ушинтип талап-тоногондордун ичип-жегендери аныкталып, такталып, тиешелүү органдардын колуна тапшырыларын, бирок иш андан ары ачылбай, ачылган иштер кимдир бирөөлөрдүн кысымы менен кайра жабылып каларынжазып чыкты. Гезиттен ошондой эле белгилүү журналист Эсенбай Нурышевдин «Ормон хан синдрому, маңкуртчулук жана кыргыз регионализминин формуласы» деген баарлашуусун окуй аласыздар.

«Дешти, олтурушту, ичип-жешти, учуп кетишти». «Новый Кыргызстан» гезити биринчи бетин ушинтип баштап, Шанхай Кызматташтык Уюмунун Бишкек саммити жөнүндө макалалардын топтомун жарыялады.

«Заман Кыргызстан» гезити Ош аймагы быйыл кургакчылыктын кунун тарта баштаганын, маселен өткөн жылга салыштырганда Найман суу сактагычында суу 2 эсеге, Папан суу сактагычында-10-12 кубга чейин азайып кеткендигин, Араван жана Кара Кулжа райондорунда дан эгиндеринин түшүмү начар болгондугун… Кургакчылыктын артынан эми кымбатчылык дегени басып, 1 кило ундун баасы-12-15 сом болуп жатканын маалымдады.

«Белый пароход» гезити бүгүнкү санынын баштемасын «Суу согушу» деп атап, Борбор Азиянын, анын ичинен Кыргызстандын суу энергетикалык тармагы жөнүндө баян курду. Энергетика боюнча кабыл алынган мамлекеттик келишимдер же иштебейт же кол коюлбаган бойдон кала берет, гидростанциялардын каскаддары жалгыз гана энергетикалык тар эрежелердин алкагынан чыгарылбастан иштетилет, Токтогул ГЭСиндеги суу ысырап болууда. Атайылап жасалган башаламандыктан улам чет элдик компанияларга берилген геоэкономикалык жана геосаясый обьектилер акырындап бүтүндөй Борбор Азияны түгөнбөс түйшүккө сала баштайт, Эчким эч убакта ГЭСтери менен сууларын жеке менчикке саткан эмес деп жаны кашайган гезит, чет өлкөлөрдүн, анын ичинен Американын эң башкы стратегиялык идеясы эң эле жөнөкөй, эптеп Борбор Азия чөлкөмүн башаламандыкка кептеп, бөлүп-жарып, анан каалагандай башкара берүү экендигин, азыркы күндө керек болсо ар кимдин жамынган төшөгүнүн алдынан ЦРУнун жүндүү бутун көрүүгө болорун жазды.
XS
SM
MD
LG