Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:10

“ДОРДОЙ- ДИНАМО” АЗИЯ КУБОГУН САКТАП КАЛАБЫ?


Быйылкы Азия Футбол континенталдык федерациясынын президентинин кубогуна арналган мелдеш Пакистандын Лахор шаарында май айында болмок, бирок өлкөдөгү саясый кырдаалга байланыштуу белгисиз мөөнөткө жылдырылган. Азия футбол конфедерациясынын чечими боюнча бул таймашуулар 20-сентябрда өткөрүлмөк болду. Мында Кыргызстандын үч жолку чемпиону Нарындын “Дордой- Динамо” командасы былтыр жеңген Азия Кубогун сактап калууга мүмкүнчүлүгү барбы?

Азия футбол континенталдык федерациясы өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн арасында бул оюнду жайылтуу максатында 8 команданын ортосунда мелдеш өткөрүүнү салтка айлантууда. Бул турнирдин алгачкы жеңүүчүсү Тажикстандын чемпиону «Регар» командасы болгон. Ал эми былтыр Кыргыз футболунун тарыхында биринчи жолу Азия Футбол континенталдык федерациясынын президентинин кубогун Нарындын “Дордой-Динамо” командасы утуп, футбол күйөрмандарын кубанычка бөлөгөн. Быйылкы таймашуу Пакистандын Лахор шаарында 20- сентябрда башталып, “В” тобунда “Дордойдун” футболчулары биринчи беттешүүнү Камбоджа өлкөсүнүн чемпиону “Кхемара” командасы менен өткөрөт. Андан кийинки атаандаштары Непалдын жана Кытайдын Тайпей өлкөлөрүнүн чемпиондору болмокчу.

“Дордойчулардын” негизги атаандашы Тажикстандын чемпиону “Регар” командасы “А” тобунда Бутан, Пакистан жана Шри-Ланка мамлекеттеринин чемпиондору менен күч сынашат.

Былтыр биринчи оюнда Кыргызстандын чемпиону Нарындын "Дордой-Динамо" командасы өз тобунда –Тажикстандын чемпиону «Вахш» командасына 3:0 эсебинде утулган. Бирок кийинки атаандаштарын уткандыктан финалда кайрадан беттешип, Намысты колдон чыгарбай жеңишке жетишкен.

Нарындын «Дордой- Динамо» командасынын деңгээли ортозаар экенин, Кыргызстанда футболго өкмөттүк деңгээлде көңүл бурулбай келгенин «Заман- Кыргызстан» жумалыгынын футболдук баяндамачысы Табылды Асыгалиев айтып, мындай пикирин билдирди:

- Күчтүү командалар Сауд Арабия, Корея, Жапан, Иран өлкөлөрүнүн футболчулары бул мелдешке катышпайт. Бул начар командалардын арасындагы мелдеш. Кийинки 14-15 жылдан бери Кыргызстанда футболдун деңгээли төмөндөп, айылдык, райондук командалардын таймашуусу болуп калган. Ушул турнирде атаандаштарын утуп алдыга чыкпаса, анда уят иш болот. Кыргызстандык жигиттер быйыл финалда тажиктерге утулуп калышы да ыктымал. Себеби алардын даярдыгы, чеберчилиги жогору. «Дордой-Динамо» командасы машыктыруучусу Борис Подкарытовдун тажрыйбасынын дүрмөтү менен гана оюн көрсөтүп жатат.

Азия футбол континенталдык федерациясынын президентинин Кубогуна арналган мелдешке даярдык көрүп жаткан Кыргызстандын үч жолку чемпиону Нарындын «Дордой-Динамо» командасынын негизги атаандашы тажиктердин чеберчилиги жогору экенин, ошентсе да Азия кубогун сактап калууга колдон келишинче аракет кылышаарын команданын жетекчиси Рысбек Мааткабылов айтып, мындай деген пикирде:

- Команданын катарын негизинен жаштар түзүп жатышат. Чынында финалдык таймашуулар өтө курч мүнөздө өтчүдөй. Кайсыл тарапка спорттук бакыт жылмайып, артыкчылык болсо, жеңиш ошолордуку болот. «Дордой- Динамо» командабыздын негизги кемчилиги биздин жигиттердин коргонуу аймагынын чабалдыгы. Ошондуктан күчтүү машыгууну уюштуруп жатабыз. Балким финалга кайрадан тажиктер менен чыгып калышыбыз да ыктымал. Топ деген томолок эмеспи, кимдин даярдыгы, чеберчилиги жогору болсо, ийгилик ошонунуку.

Азия футбол конфедерациясынын президентинин кубогунун жеңүүчүсү Нарындын «Дордой- Динамо» командасына былтыр 50 миң америка доллары жана Күмүш кубок ыйгарылган. Ал эми экинчи орунду камсыз кылган командага 25 миң доллар байге берилип жүрөт. Бул мелдешке Камбоджа, Бутан, Тайпей, Шри-Ланка, Непал, Тажикстан жана Кыргызстандын чемпиондору катышып келүүдө.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG