Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:55

КАЗАКСТАН ЭЛ АРАЛЫК АБРОЙУН ЖОГОРУЛАТКЫСЫ КЕЛИП ЖАТАТ


Баян Жумакадыр кызы, Прага 18-августта Казакстанда эрте парламенттик шайлоо өткөрүлөт.Серепчилердин айтымында, Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюмуна 2009-жылы төрагалык кылууну көздөп жаткан өлкө, бул кезексиз шайлоо менен өзүнүн чет элдеги абройун көтөргүсү келип жатат.

Казакстандын конституциясына май айында киргизилген оңдоолорго ылайык, кош палаталуу парламент беш жылга шайланат жана андагы орундар 116дан 154 орунга чейин көбөйдү. Төмөнкү палатага 107 киши шайланат. Алардын 98и партиялык тизмелер менен, калган 9 депутат Казакстан Элдеринин Ассамблеясы тарабынан шайланат. Парламенттин жогорку палатасына региондордун өкүлдөрү шайланат.

Президент Назарбаевдин айтымында, бул өзгөртүүлөр бийликтин парламенттик бутагын бекемдеп, оппозициялык партиялардын таасирин жогорулатат.Эсиңиздерге сала кетели, мындан мурда парламентке партиялык тизмелер боюнча 10 депутат гана шайлана алчу. Парламентте бир гана оппозициячыл депутат бар болчу. Эмки парламентке өз депутаттарын киргизүү үчүн партиялар шайлоодо шайлоочулардын 7 пайыздан кем эмес добуштарын алуусу керек.

Эл аралык коомчулук тарабынан демократияга карай жасалган чоң кадам катары сыпатталган бул өзгөрүүлөр, сынчылардын көз карашында, тек өлкөнүн саясий абройун жакшыртуу үчүн жасалган жүрүш. Таасирдүү маалымат каражаттары өкмөттүн жана президенттин үйбүлөсүнүн көзөмөлүндө кала берип жаткандыктан, шайлоо өнөктүгүндө орчундуу орун президенттин «Нур-Отан» партиясына берилди. Былтыр партиянын таасирин күчөтүү үчүн президент Назарбаев «Нур-Отанды» кызы Дариканын Асар партиясы менен бириктирген.

Баары болуп шайлоого жети партия катышат. Алардын ичинен жети проценттик тосмодон оппозициячыл Социал-демократиялык партия жана Ак -Жол партиясы өтө алат. Казакстандын Социалдык Изилдөөлөр Борборунун өкүлү Асыл Абдуловдун айтымында:

- «Нур-Отан» партиясына добуштардын 40 проценти берилиши мүмкүн, экинчи орунга Социал- Демократиялык партия чыгат,- дейт ал.
Бирок башка бир серепчилер, «Нур- Отанга» төмөнкү палатадагы басымдуу көпчүлүк орун тийерин божомолдоп жатышат. Кабинет парламенттин макулдугун алганда гана бекитилет.

Арийне иш жүзүндө президенттин колунда опол тоодой бийлик кала берүүдө. Конституция боюнча, президент парламентти каалаган убактысында, кандай болбосун себеп менен таркатып жибере алат. Конституцияга киргизилген оңдоолорго ылайык, алгачкы президент Нурсултан Назарбаевге мамлекетти чексиз убакыт башкарууга укук берилген.

Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюму шайлоого байкоо жүргүзүү үчүн 400 өкүлүн жиберет. Бирок буга чейинки шайлоолордун бири да адилет жана эркин болду деген баага татыган эмес.

XS
SM
MD
LG