Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 08:17

23:20 В.Путин: Эл аралык машыгуу тынчтыкты, коопсуздукту камсыз кылууга багытталган


Орусиянын Чебаркуль аскерий полигонунда Шанхай кызматташтык уюмунун аскер күчтөрүнүн “Тынчтык миссиясы-2007” террорчулукка каршы машыгуусу аяктады. Орусиянын президенти Владимир Путин “бул эл аралык машыгуу ШКУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы мамилени чыңдоого болгон дагы бир кадам” деди. Ал бул кадам эл аралык тынчтыкты, коопсуздукту камсыз кылууга багытталганын баса белгиледи. Чебаркуль аскер полигонундагы машыгууга ШКУга мүчө мамлекет башчылары Курманбек Бакиев, Нурсултан Назарбаев, Ислам Каримов, Эмомали Рахмон, Владимир Путин, Ху Цзиньтао катышты. Маалыматка караганда машыгууга Кыргызстандан барган десанттык-чалгындоо бөлүгү жогорку даярдыктагы чеберчилигин көргөзгөн.(AJ)

XS
SM
MD
LG