Ошондой эле Фрунзе-1 аскерий аба базасынын 48 жылдыгы да белгиленип, аскер аба күчтөрүнүн кызматкерлерине мамлекеттик сыйлыктар, баалуу белектер тапшырылды. Бул иш чарага Канттагы Орусиянын аскер аба күчтөрүнүн жана Манастагы коалициялык күчтөрдүн өкүлдөрү катышты. Атайын даярдыктагы жоокерлер аскер көнүгүүлөрүн, тик учак, АН-2 аба учактары асманда көрсөтмө көнүгүүлөрдү тартуулады. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. (AJ)