Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:17

АКУЛАК КӨМҮР КЕСИМИНДЕ КӨМҮР КАЗЫЛБАЙ КАЛАБЫ?


Мурунку жылдарда жылына 150 миң тонна көмүр казган “Акулак” мамлекеттик акционердик коому былтыр болгону үч миң тонна көмүр өндүргөн. Быйыл болсо акыбал кандай? “Акулак” көмүр кесиминде Каракече кожоюну аттыккан Нурлан Мотуевден кийин деле эмнеге оңоло албай жатат? Ушул жана башка суроолор айланасында “Акулак” мамлекеттик акционердик коомунун башкармасынын төрагасы Тилек Сабыров жооп берет.

“Акулак” мамлекеттик акционердик коомунун жетекчиси Тилек Сабыровдун айтымында, ишкана карызга белчесинен баткан:

- Башаламандыктан кийин Мотуев артка чыгып калып, салык, соцфонд, электр энергияга болгон карыздын баары биздин мойнубузга илинип, эки жылдан бери иштей албай кыйналып атабыз. Салык маселеси эле 9 млн. болуп атат. Беш жүздөй киши иш менен камсыз болгон, алардын соцфондо карызы бар, электр энергияга 3 млн. сом чыгып атат. Анын барын санап келсек бутка тура турган эмеспиз.

- Көмүр казылып атабы?

- Миңкуштан казып баштадык. Каракечеден да баштайлы дегенбиз. Бирок Акулакты банкротко алып келген “Сани ЛТД”, “Примис центр” деген фирмалар биз менен соттошуп, техниканы, счетторду арестовать этип коюп атышат. Эми алар менен соттошуп техниканын барын артка алган атабыз. Процесс башталды. Бирок анын барынан өтүш үчүн бир нече ай керек болуп атат. Ал өткөнчө кыш келип калат.

- Бир нече жыл мурда “Акулак” көмүр кесиминде иш иштеп, ишкананы кудуретсиздикке алып келген Белорусиялык фирмалар менен болгон чырлашуулар азыркы күндө соңуна чыктыбы?

- СНБдан бир нече кылмыш иши ачылган “Сани ЛТДга” аферисттик иштер боюнча. Ошонун баары аягына чыккан жок. Сотко да жеткен жок.

- Сиздер мурда канча тонна көмүр даярдоочу элеңиздер. Быйыл ошондой деңгээлде көмүрдү камсыз кыла аласыздарбы?

- 150 миң тонна көмүр даярдачубуз. Былтыр болгону Миңкуштан 3 миң тонна көмүр бердик. Каракечеде быйыл иштеген жокпуз, соттошуп эле жатпайбызбы. Быйыл Миңкуштан 20 миң тонна берели деп атабыз. Каракечеде бизде мурда каражат жумшалган даяр көмүрлөр бар. Ошонун оборотуна акча таба албай, техниканы калыбына келтире албай атабыз. 17 миллионго өзүнчө общежитие курганбыз, соттор аны сатып азап кылып атышат. Ошонун барын өкмөтүбүз карабай атат. Биз акыркы постановлениеде чыгардык, электр жарыгы өчүрүлбөсүн деп. Бирок каражат каралбай атат. Биз өзүбүздүн проблемабыз менен эле калып калдык. Элдер жумушсуз кыйын турмушта калып калды. Акыбал өтө кыйын. Мотуевден кийин жооп берген эч ким жок.

XS
SM
MD
LG