Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:37

АПТАНЫН МАДАНИЙ ОКУЯЛАРЫ


Бул жумада Шанхай кызматташтык уюмунун Бишкекте өткөн саммитине карата бир катар иш-чаралар уюштурулду. Мисалы кыргыз-орус-славян университетинде Орусия менен Кыргызстандын дипломатиялык алакаларын чагылдырган сүрөт көргөзмөсү ачылды.

Гапар Айтиев атындагы сүрөт музейинде кыргыз-казак сүрөтчүлөрүнүн “Теңири-2007” көргөзмөсү ачылды. Бул көргөзмө менен катар ушул эле музейде “Балдар жомокторду” тартышат аттуу эл аралык көргөзмө өттү. Анда Шанхай Кызматташтык Уюмуна кирген өлкөлөрдүн жаш сүрөтчүлөрү тарткан эки жүздөн ашуун сүрөт коюлуп, анын жүзгө жакынын Кыргызстандагы “Жаш сүрөтчү” студиясынын жана “Балажан” борборунун балдары жараткан сүрөттөр түздү. Анда балдар кыргыз элинин жана дүйнө элдеринин жомокторунан алынган сүрөттөрүн коюшту. Шанхай Кызматташтык уюмунун башкы катчысы Болат Нургалиев өлкөлөр ортосундагы кызматташтык, достук мамилени улантуучулар бул өсүп келе жаткан жаш муундар, андыктан мындай көргөзмөнү уюштуруу зарыл деп белгиледи.

-Бул балдар чоңойгондо бири саясатта, экинчиси маданият тармагында, дагы бири экономика жаатында эмгектенишет. Андыктан мына ушул достук, кызматташтык алаканы улантуучулар десек жаңылышпайбыз.


16-августта улуттук филармонияда ШКУга мүчө мамлекеттердин үчүнчү өнөр фестивалы болду. Анда алты мамлекеттин көркөм өнөр чеберлери бир саат кыркы мүнөттөн турган концертин тартуулашты. Фестивалдын программасына ылайык “Биз жер эненин балдарыбыз” деп аталып, анда ыр, бий топторунан турган кыргыз өнөрпоздору адам баласынын жаралышы, жер суу, көк асман, тоо, адам менен табияттын биримдиги кыргыз элинин философиясында музыкалык композициялар, бий жана санат ырлар менен образдуу чагылдырышты.

Фестивалдын экинчи бөлүгү “Жибек жолунда баарыбыз бир” деп аталып, ШКУга кирген Казакстан, Орусия, Тажикстан, Кытай, Өзбекстан, Кыргызстан өнөрпоздору өз элинин көркөм дүйнөсүнүн таасын чагылдырган музыкалык оюн-зоогун тартуулашты.
“Улуу Жибек Жолунда бирге карай” деген жыйынтыктоочу бөлүгүндө алты мамлекеттин өнөрпоздорунун биргелешкен концерти болуп, жалпы программа бир жарым сааттан ашуун убакытты камтыды. Фестивалдын соңунда Кытайдан келген “Ханжо” ансамблинин жетекчиси ДеньШинсан мырза мындайча ой бөлүштү:

- Биз баарыбыз Кыргызстанга биринчи ирет келдик. Бизге жакшы таасирлерди калтырды. Эли да меймандос келет экен. Эгер мүмкүнчүлүк болуп калса дагы өзүнчө келип, концерт берсек деп ойлоп жатабыз. Ошондой эле кыргыз өнөрпоздору да биздин өлкөгө келип, конок болуп кетишин каалайт элем.

Он жетинчи августта улуттук филармонияда Кытай Эл Республикасынын маданият күндөрү өттү. Аны аталган республиканын Кыргызстандагы элчиси менен КРнын маданият жана маалымат министри Султан Раев ачты. Кечеге келген көрүүчүлөр кытай өнөрпоздорунун ыр-бийлерине, цирк артисттеринин өнөрлөрүнө күбө болушту. Концерттин жүрүшүндө көпчүлүк көрүүчүлөрдү таң калдырган нерсе бул Уаните жана Мачо аттуу цирк өнөрпоздорунун кол чатыр менен ойногон номери жакты. Артистер менен маектешкенибизде бул номерди эки ай даярдагынын айтышып, сахнада толкундануу менен аткарышкандарын белгилешти:

-Сахнада ойноп жатканда кол чатырлар түшүп кеткен учурлар көп болот, бул цирк өнөрүндөгү көнүмүш нерсе, бирок бул жолу маанилүү иш-чарада өнөрүбүздү көрсөткөндүктөн бир жагынан толкунданып, өтө кооптонуу менен ойнодук.

Кытай Эл Республикасынын маданият күндөрү менен катар эле орус драма театрында Василий Лановой, Марина Андреева жана башка артисттердин катышуусунда Орусиянын маданият күндөрү өттү. Бишкектеги саммитте маданият жаатында кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча келишимге кол коюлду.

Ысыккөлдүн Тоң районунун Көк-Сай айылынын Жайчы жайлоосунда жана Төрткүл айылынын Беш-Таш жайлоосунда “Улуттук каада-салт, үрп-адаттардын” фестивалы өтүп жатат. Анда кыз узатуу, келин алуу каадалары көрсөтүлөт. Ошондой эле фольклордук концерттер болуп, улуттук оюндар ойнолот. Ал эми четтен келген туристтер облустун маданий жана тарыхый жайларын кыдырышат.
XS
SM
MD
LG