БАТКЕН. Бул тууралу “Азаттыкка” токой чарбачылыгы боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысынын орунбасары Айткул Бурханов 18-августта маалым кылды. Буга негиз катары мурдатан эле жергиликтүү демилгелүү топтордун аракетинде Баткен районундагы Айгүл тоо жана Кадамжай районундагы Сурматаш коруктарын түзүү маселелери көтөрүлгөңдүгү себеп болгон. Ошондой эле Тажикстан Республикасы менен чектеш жайгашкан Лейлек районундагы Саркент жайлоосунда жаратылыш паркын уюштуруу да пландаштырылууда. Буга кошуна өлкөлөрдүн атуулдарынын мыйзамсыз токой катмарын кыйып кетүүсү себеп болууда. Андан сырткары Кыргызстандын токой чарбачылык агенттиги тарабынан баткен облусунда токойлордун аянты эки эсеге чукул кыскарганы да айтылып, аймактагы жашыл катмарды компенсациялоо үчүн адырлуу талааларга сөксөөл токойлорун отургузуу керектиги айтылды. (SA)