Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:21

КАЗАКСТАНДА КЕЗЕКСИЗ ПАРЛАМЕНТТИК ШАЙЛОО ӨТҮҮДӨ


Казакстанда бүгүн кезексиз парламенттик шайлоо өтүп жатат. Бүгүнкү шайлоодо парламенттин төмөнкү палатасына 107 депутаттын 98и пропорционалдык система менен шайланышы керек. Өлкөдө мындай партиялык тизме менен шайлоо алгач ирте өтүп, ага 7 саясий партия катышууда. Көпчүлүк байкоочулар президент Нурсултан Назарбаевдин “Нур отан” партиясы бүгүнкү шайлоодо Мажилистин төмөнкү палатасындагы көпчүлүк добушка ээ болоорун божомолдошууда.

Бүгүнкү кезексиз шайлоо 18-майда өлкө конституциясына киргизилген өзгөртүүгө ылайык жүргүзүлүүдө. Конституцияга өзгөртүү киргизилген соң президент Нурсултан Назарбаев мурдагы мажилисти таратып, жаңы парламент шайлоону жарыялаган. Мажилисте жалпысынан 107 орун бар. Алардын 98и партиялык тизме менен шайланып, шайлоого катышкан партиялар парламентке өтүш үчүн 7 пайыздан кем эмес добуш чогулутушу керек.

Ошентип президенттин эки ай мурдагы жардыгына ылайык бүгүн өлкөдө парламенттик шайлоо өтүүдө. Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, шайлоонун алгачкы саатында добуш берүүчүлөрдүн саны 12.4 пайызды түздү. Эл аралык байкоочулардын баамында, шайлоо мыйзам бузууларсыз өтүп жатат. Бүгүн өтүп жаткан шайлоодо Казакстандын тогуз миллионго чукул (8,9) шайлоочулары добуш берүүгө укуктуу.

Бүгүнкү добуш берүү учурунда президент Нурсултан Назарбаев журналисттерге буларды айтты:


- Мажилис депуаттарын биз биринчи жолу партиялык тизме менен шайлап жатабыз. Жаңыдан шайланып келген депутаттар биздин мамлекеттүүлүгүбүздү чыңдоо үчүн, гүлдөп өсүп-өнүгүшү жана бардык казакстандыктардын турмуш шартын жакшыртуу үчүн зарыл болгон мыйзамдарды кабыл алууга тийиш.


Добуш берүүгө Казакстандын чет өлкөлөрдө жүргөн жарандары да катышып, бул өлкөнүн элчиликтеринде да шайлоо участкалары иштеп жатат. Казакстандын Кыргызстанда жүргөн жарандары да бул өлкөнүн Бишкектеги элчилигинде добуш берүүгө катышты. Учурда Кыргызстанда консулдук эсептеги 154 казак жараны бар. Алар добуш берүүгө активдүү катышып жатканын Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Умурзак Узбеков билдирди:

- Катышуу өтө жакшы деп айтсак болот. Күндүн ортосуна дейре жүздөн ашуун жаран добуш берди. Демек Казакстандагы саясий реформага анын ичиндеги бүгүнкү кезексиз шайлоого биздин жарандардын катышуусу жогору деп айтсак болот.

Казакстандагы шайлоого карата кыргыз саясатчыларынын да пикири ар кыл. Маселен, КДК партиясынын лидери Жыпар Жекшеев партиялык тизме менен шайлоо киргизилгени менен Казакстандын саясатында азырынча чоң өзгөрүү күтүлбөйт деп эсептейт:


- Казакстан буга чейин кандай жол менен өнүгүп, кандай саясат жүргүзүп келаткан болсо ошол саясат сакталып кала берет. Себеби азыр Казакстанда бийликти чындап талаша турган оппозициялык күчтөр көрүнбөй турат. Шайлоого катышып жаткан партиялардын негизгилери болсо бийликчил партиялар. Жалпы жонунан элдин басымдуу бөлүгү да жашоо-турмуштун жакшырышын, экономикалык өсүштү негизги баалуулук деп, андан башка, маселен жалпы демократиялык принциптеги өсүп-өнүүгүүгө куштар эместей сезилип турат.

Ошол эле учурда бул өлкөдө пропорционалдык система киргизилишин кубаттагандар да жок эмес. Коомдук ишмер Эдил Байсаловдун пикиринде муну менен Казакстандагы саясий партиялардын активдешүүсүнө жол ачылды:

- Эми Казакстандагы саясий да, экономикалык абал да таптакыр башка. Президент Назарбаев алгач экономиканы гүлдөтүп, анан модернизация жасайм деп айтканын жасап жатат. Мына алар саясий жактан мурда бизден артта болсо эми ашып отурат. Башкача айтканда биз канча жылдан бери талкуулап, киргизиле албай жаткан саясий партиялардын толук пропорционалдык системага өтүшү бул чоң кадам. Эми Казакстанда саясий партиялар активдешип, көчөдө эмес, митингдер аркылуу эмес парламентте өтүп, өз программаларын парламентте ишке ашырууга, демократиялык мамлекетти курууга мүмкүнчүлүк алышты.

Шайлоого катышып жаткан партиялардын катарында оппозициялык «Нагыз ак жол» партиясы менен социал-демократиялык партиясы бар. Байкоочулардын баамында бул эки партияда тең парламентке келүү үчүн 7 пайыздык ченден өтүүгө толук мүмкүнчүлүгү бар. Добуш берүүнүн алгачкы жыйынтыктары эртең белгилүү болушу күтүлүүдө.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG