Линктер

жекшемби, 20-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 09:50

КАЗАКСТАНДА ПАРЛАМЕНТТИН ТӨМӨНКҮ ҮЙҮНӨ ЭРТЕ ШАЙЛОО БОЛДУ


Казакстанда бүгүн кезексиз парламенттик шайлоо өттү. Казакстандын БШКсы маалымдагандай, шайлоо ырасмий түрдө Бишкек убактысы менен кечки саат сегизде аяктады. Учурда добуштар эсептелүүдө. Ырасмий маалыматтарга ылайык, ага шайлоочулардын 58 пайызы катышты. БШК шайлоо тынч өткөнүн жана айрым гана учурда бир аз мыйзам бузуулар болгонун мойнуна алса, оппозиция мүчөлөрү шайлоо дээрлик башынан аягына чейин мыйзам бузуулар менен өткөнүн айтышууда.

Бүгүнкү шайлоодо парламенттин төмөнкү палатасына бир жүз жети депутаттын токсон сегизи пропорционалдык система менен шайланышы керек. Өлкөдө мындай партиялык тизме менен шайлоо алгач ирте өтүп, ага жети саясий партия катышууда. Бүгүнкү кезексиз шайлоо 18-майда өлкө конституциясына киргизилген өзгөртүүгө ылайык жүргүзүлүүдө. Конституцияга өзгөртүү киргизилген соң президент Нурсултан Назарбаев мурдагы мажилисти таратып, жаңы парламент шайлоону жарыялаган. Мажилисте жалпысынан 107 орун бар. Алардын 98и партиялык тизме менен шайланып, шайлоого катышкан партиялар парламентке өтүш үчүн 7 пайыздан кем эмес добуш чогулутушу керек. Шайлоого катышып жаткан партиялардын катарында оппозициялык «Нагыз ак жол» партиясы менен социал-демократиялык партиясы бар. Байкоочулардын баамында бул эки партияда тең парламентке келүү үчүн 7 пайыздык ченден өтүүгө толук мүмкүнчүлүгү бар. Добуш берүүгө Казакстандын чет өлкөлөрдө жүргөн жарандары да катышты. Көпчүлүк байкоочулар президент Нурсултан Назарбаевдин “Нур отан” партиясы бүгүнкү шайлоодо Мажилистин төмөнкү палатасындагы көпчүлүк добушка ээ болоорун божомолдошууда.

Ал эми президент Назарбаевдин ушул тапта Австрияда бозгунда жүргөн мурдакы күйөө баласы Рахат Алиев шайлоо алдында жарыялаган ачык катында шайлоо бийликтерин «Нур отан» партиясын шайлоого катыштырбоого чакырган болчу. Рахат Алиев мындай кайрылууну Казакстандын башкы прокуроруна, Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун Казакстандагы миссиясына жазган ачык катында жасаган. Алиевдин жазышынча, Назарбаев башындагы “Нур отан” партиясы шайлоо өнөктүгүнө жашыруун фонддон 100 миллион долларды мыйзамсыз пайдаланганы үчүн, парламенттик шайлоого катышпоого тийиш. Ырасмий Астана Рахат Алиевдин бул доосуна жооп бере элек. Казакстандын Австриядагы мурдакы элчиси Рахат Алиев эки казак банкирин уурдоого катыштыгы бар деп айыпталууда жана ырасмий Астана Австриядан аны өткөрүп берүүнү сураган. Бирок, Австриянын соту Казакстандын мындай өтүнүчүн четке каккан.

18-августта өткөн шайлоонун алгачкы жыйынтыктары эртең белгилүү болушу күтүлүүдө.
XS
SM
MD
LG