Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:39

АФИША: ЖАҢЫРГАН ЖУМАНЫН МАДАНИЙ ОКУЯЛАРЫ


24-августтан тартып 26-августка чейин Бишкекте орус кинолорунун жумалыгы өтөт. Автордук тасмалардын “Киностан” эл аралык фестивалынын алкагында өтүүчү бул жумалыкта “Бала баккыч керектелет”, “Эркин сүзүү”, “Жекече эч нерсеси жок”, “Кууп ийүү” жана башка ушул сыяктуу тасмалар көрсөтүлөт.

22-авустта Ысыккөлдүн Бөкөнбаев айылында “Салбурун” эл аралык фестивалы башталат. Кыргыз элинин илгертеден келе жаткан салттарын жандандыруу максатында уюштурулуп жаткан бул фестивалда ат чабыш, эр оодарыш, кыз куумай, балбан күрөш сыяктуу улуттук оюндар ойнолуп, мүнүшкөрлөр бүркүт салышат. Ошондой эле “Ыр майрам” фестивалы болот. Үч күнгө созулчу бул иш-чарага четтен да коноктор келет.

Соңунда атайын белгиленген сыйлыктар тапшырылат. Ошондой эле фестивалдын жүрүшүндө уюштуруучулар четтен келген конокторду облустун көрүнүктүү жерлерин кыдыртышат. Фестиваль 24-августта жыйынтыкталат.

Мамлекеттик тарых музейинде “Манас-кыргыз элинин эпосу” аттуу экспозиция ачылды. Анда эпосту айткан манасчылардын, изилдөөчүлөрдүн сүрөттөрү илинип, алар тууралуу маалыматтар берилген.


Гапар Айтиев атындагы улуттук сүрөт музейинде кыргыз сүрөтчүсү Аблабек Даировдун 75 жылдыгына арналган жеке көргөзмөсү ачылды. Анда маркумдун живопись, графика жанрындагы сүрөттөрү коюлган. Жалпысынан алтымыштай эмгекти камтыган бул көргөзмө эки жумага созулат.

Айжан Шаботоева, Бишкек
XS
SM
MD
LG