Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:19

14:20 Түркияда учакты барымтага алууга байланыштуу окуяда кыргыз жараны жабыркаган жок


Бул тууралуу Түркиядагы кыргыз элчилигинен бүгүн кабарлашты. Белгилүү болгондой Түндүк Кипрден Стамбулга учуп келаткан учакты эки террорчу ишемби күнү барымтага алып, Иранга учууну талап кылган. Күйүүчү май куюу максатында учак Анталия шаарына кондурулуп, ал жерде сүйлөшүүлөр башталган. Беш саатка созулган сүйлөшүүнүн соңунда учактагы жүргүнчүлөр, анын ичинде кыргыз атуулу Аида Жумабек кызы учактан сыртка чыгарылып, террорчулар багынып беришкен. (AiT)

XS
SM
MD
LG