Бул тууралуу юстиция министри, Камеко менен сүйлөшүү жүргүзүп жаткан өкмөттүк делегациянын мүчөсү Марат Кайыпов бүгүн билдирди. Анын айтымында,Бишкекке Камеконун эки вице-президенти келип, алар менен өкмөттүн эксперттик тобунун ортосунда сүйлөшүүлөр улантылат. Кыргыз тарап сүйлөшүүлөр жыйынтыгы боюнча Кумтөр кенинен кошумча 480 миллион долларга жакын киреше алууну көздөөдө. (AiT)