Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Жеңиш Ашырбаев азыр эле Өзбекстандын жараны Таалайбек Атабаевди кармашкандыгын кабарлады. Шектүү жигитти тинтишкенде көтөргөн спорт баштыгынан бир кило 950 грамм героин табылды. Мындай маңзаттар Ооганстан аркылуу Тажикстандан жана Өзбекстандан Кыргызстанга ташылып келип жатат. Муну “Экономикалык реформалар” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Жеңиш Төрөев маңзат чабармандарынын жеңил жазаланышы менен байланыштырат. Анын кебине караганда, соттор шектүүлөрдү актап, же психикалык оорусу бар деп жоопкерчиликтен бошотуп жиберишүүдө. (АТ)