Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:42

17:52 Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министри Талас облусунда иш сапарда жүрөт


Бүгүн министр алгач Талас районунун Каракол айылынын күн чыгыш жагындагы талкаланган суу агуучу каналды барып көрдү. Ал жерде суу туура эмес агып жаткандыктан, айылдагы жүздөн ашуун үйдүн жанындагы жерлердин астынан суу чыгып жатканын облустук суу башкармалыктын башчылары билдиришти. Бул маселени өзгөчө кырдаалдар башкармалык менен бирдикте чечүүнү аракет кылаарын министр Сооронбай Жээнбеков айтты. Министр ошондой эле райондогу Арал айылындагы 1400гө жакын гектар жерге суу жеткирип туруучу иштебей турган насостун подстанциясын барып көрдү. Подстанцияны иштетиш үчүн бир миллион сомго жакын акча жумшаларын айтып, бул маселени Жогорку Кеңештин депутаттары аркылуу кайрылгыла деп жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө сунуштады. (UA)

XS
SM
MD
LG