ДАМАСК. Ирактын премьер-министри Нури ал-Малики бүгүн Сирияга үч күндүк визит менен келүүдө. Өткөн жылы Сирия менен Ирак мындан 26 жыл илгери үзгүлтүккө учураган дипломаттык мамилелерин кайра калыбына келтиришкен. Ал кезде эки өлкөнүн мамилеси Сирия Ирак-Иран согушунда Ирандын таламын талашканына байланыштуу бузулган болучу.