“Күжүрмөн кызматташтык-2007” деген аталышта өтө турган бул машыгууларга Кыргызстандын Абадан коргонуу боюнча күчтөрүнүн жоокерлери катышат. Машыгуу Орусиянын Астрахань облусундагы “Ашулук” деп аталган полигонунда өтөт. Кыргызстандан сырткары ага Беларус, Орусия, Өзбекстан, Казакстандын Куралдуу күчтөрүнүн үч миңден ашуун жоокери катышмакчы. Машыгуу 24-августта аяктайт. Бул маалыматты “Азаттыкка” Коргоо министрлигинин басма сөз жетекчиси Мурат Ашырбеков тастыктады. (ZMa)