Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:53

Батыш Казакстандагы шайлоону сынга алды


АКШнын мамлекеттик департаменти Казакстандагы парламенттик шайлоодо олуттуу каталар болду деп билдирди. Департаменттин өкүлү Гонсало Голлегостун айтымында, Казакстан демократиялык реформаларды ишке ашырууда бир топ ийгиликке жеткени менен 18-августа өткөн шайлоо эл аралык стандартка жооп бербейт. Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) болсо, шайлоону демократияга карай жасалган кадам, бирок анын жүрүшү эл аралык талаптарга жооп бербей тургандыгын айткан эле. Маалым болгондой, президент Нурсултан Назарбаевдин “Нур отан” партиясы Мажилистин Төмөнкү Үйүндөгү депутаттык орун үчүн шайлоодо 88 пайыз добушка ээ болуп, ири жеңишке жетишти.

XS
SM
MD
LG