Линктер

шейшемби, 11-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 14:46

ДҮЙНӨНҮ ДҮҢГҮРӨТКӨН ЖЫЙЫН, УН, НАНДЫН КЫМБАТТАШЫ


«Кыргыз туусу»

Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун дүйнөнү дүңгүрөткөн жыйыны өтүп, бүткүл дүйнө элдеринин көңүлүн бурганын маалымдайт. «Эгерде, Индия менен Пакистан ушул уюмга мүчө болсо, укмуштуудай жакшы натыйжа берээр эле. Анткени глобалдашуу заманында СССРдин тушундагыдай дүйнөдөгү тең салмактуулук пайда болмок» деген пикирин билдирген «Жаңы мезгил» партиясынын төрагасы А. Базаркулов.

«Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолу биздин республикабыз аркылуу өтө турганы экономиканын өнүгүшүнө өбөлгө болоору талашсыз. Бирок, аңызга айланып, эл ичинде кеңири тараган «мистер 10 пайыз» «шапке сурамай» тоскоол болбосо экен», деп тынсызданат жергиликтүү жамааттар, дыйкандар жана фермерлер саясый партиясынын төрагасы Э. Исаков.

Бул гезит Орусиянын Кыргызстандагы Кант авиабазасынын өздүк жана техникалык курамы кайрадан көбөйтүлмөкчү деп маалымдайт. Орусиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарымдуу элчиси В. Власов билдиргендей, мындай көбөйтүү Орусиянын авиабазага олуттуу маани бере турганын далилдеп турат.Элчинин маалыматы боюнча быйыл аскер кызматкерлеринин саны 50 пайызга көбөйтүлмөкчү. Ошондой эле авиабазанын аэродрому кыргыз учкучтарынын түнкү учууларына да пайдаланылмакчы, деп жазат «Кыргыз туусу».

Ушул гезит маалымдагандай август айынын аягында сентябрдын башында Исфана-Ош, Нарын-Бишкек, Талас-Ош авиакаттамдары ачылып, туруктуу иштей баштамакчы.

Гезит Акын Асан Жакышылыковдун кыргыз идеологиясы тууралуу ой-толгоо, пикирлерин жарыялады. «Абийир менен пайдакечтиктин ортосундагы анык кыл көпүрө дал ушул идеология. Идологиябыз иштелбегендиктен кыл көпүрө солкулдап турат. Идеология табылмайын Конституциябыз да адаша берет» деп айтуу менен «тең көргөндү Теңирим сүйөт деген Кыргыз улутунун дайыма идеологиясынын анык башаты» дейт акын Асан Жакшылыков.

“Кыргыз туусу” гезитинде тарых илимдеринин доктору, профессор Турду Жыргалбековдун мамлекеттик жана коомдук ишмер Султан Ибраимовдун 80 жылдыгына карата эскерүүсүн жарыялады. Мында анын ишмердүүлүгү, эмгекчилдиги, адамкерчилиги , жөнөкөйлүгү, боорукердиги, ачык- айкындуулугу жана тазалыгы тууралуу кеп болуп, анын аткарылбай калган максат- мүдөөлөрү айтылган.

“Султан Ибраимович баштап бүтпөй калган Тогузторо-Жалалабат,Базаркоргон-Үчтерек-Кызылүңкүр, Токтогул- Талас жолдору келечекти күтүүдө. Ал Бүргөндү массивин өздөштүрүп бүткөндөн кийин Чоңалай өрөөнүндөгү алтын, көмүр, туз, мрамор жана мунайзат кендерин өздөштүрүүнү самаган. Султан Ибраимов аман турганда Ысыкатанын Тогузбулак айылында “Кыргыз Медеосун” курмак. Анын өмүр жолу жаштарга үлгү,өрнөк” деп эскерет Турду Жыргалбеков.

“МСН”

Өлкөдөгү азык-түлүктун баалары асмандап өскөнүн, айрыкча дан азыктары, ун, нандын баасы өтө жогорулаганына калк нааразы экенин маалымдады.
“Мамлекет азык-түлүк өндүрүүчүлөргө катуу талап коюп, көзөмөлдөп, өтө жогору киреше алуу үчүн элдин жон терисин шылып алууга жол бербеши керек. Элдин да чөнтөгүнө жараша баа коюлуп, экономиканын айтылбаган мыйзамдарын, логикасын да сакташ зарыл. Ун, нан кымбаттады, эми жол кире да жогорулайт” деп тынсызданат журналист Вячеслав Тимирбаев.

“МСН” гезити аркылуу өлкөгө эмгек сиңирген куруучу Базарбай Мамбетов “Талап- тоноого ким жооп берет” деп суроо коюп, алтын кенин иштетүү, казууну талдоого алган. Мында өлкөнүн алтын кендерин кимдер, кантип талап-тоноп алышканы, канадалык “Камеко” компаниясынын алдамчылыгы, “Кыргызалтын” акционердик коомунун мурдакы жетекчилерин жоопко тартуу маселелери айтылган. “10 жылдын аралыгында канадалыктар 190 тоннага жакын алтынды алып кетишти. Жылына алар 15-16 тонна алтынды текейден арзан алып, талап-тоноп кетишти. Биздин өлкөдө пайдалуу кен байлыктарды казуу, иштетүү боюнча мамлекеттик стратегия жок” деп күйүп бышат Базарбай Мамбетов.

Журналист Арман Алиев өлкөдөгү жол кырсыктарынын көп болушунун себептерин талдоого алган. Биринчиден, айдоочулар жол эрежелерин сактабайт, кээси жол эрежелерин, белгилерин да толук билишпейт, экинчиден, МАИ кызматкерлери жол коопсуздугун көзөмөлгө албай, айып салганга гана уста, үчүнчүдөн, өлкө жолдору аң-чөнөк болуп, жол кырсыгына дуушар кылууда” деп маалымдайт.

Ушул гезит Жетиөгүздүн Тосор айылында он биринчи кылымга таандык араб тамгалары менен таш бетине чегилип жазылган тарыхый табылгалуу таш табылганын маалымдайт. “Бул таштагы жазуулар кыргыз эпиграфиясы үчүн чоң табылга”, дейт тарых илимдеринин кандидаты Кубатбек Табалдиев.

“Комсомольская правда”

25-августта Атбашыда Кошойкоргон тарыхый- архелогиялык музей комплексинин ачылыш аземи болоорун маалымдады.”Кошойкоргондо аскердик сепил жайгашып, анын 50 мунарасы болгон. Биздин заманга чейинки 8-10- кылымдарда бул жерде шаар болгон. Айтылуу аскер башчы Темирлан эки ирет сепилди алууга аракет кылган.Бул жердеги музей эки залдан турат. Биринде архелогогиялык, экинчисинде этнографиялык табылгалар коюлган” деп маалымдайт “Кошойкоргон” коомдук корунун төрайымы Жамбы Жусубалиева.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG