Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:19

10:34 Бүгүн Башкы прокурор Аксыга сапар алды


Элмурза Сатыбалдиев Аксы окуясында жабыркагандар менен жолугушуп, бул окуя боюнча жаңы тергөө ишинин жыйынтыгы тууралуу аларга маалымат берет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Азимбек Бекназаров билдирди. Анын айтымында, азыркы депутат, Аксы окуясы учурундагы Жалалабад облусунун губернатору Султан Урманаевди жоопкерчиликке тартууга уруксат берүү маселесин иликтеген Дооронбек Садырбаев башында турган депутаттык комиссия да өз иликтөөсүн аяктап, бул маселе парламенттин сентябрь айында баштала турган сессиясынын күн тартибине киргизилет. Садырбаевдин комиссиясы Султан Урманаевге байланыштуу эле эмес жалпы Аксы окуясы боюнча иликтөө жүргүздү. Ошондуктан комиссиянын 61 барактан турган документи жалпылоочу негизде болот, деп белгиледи Бекназаров. (AiT)

XS
SM
MD
LG