Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:04

ТАШБОО ЖУМАГУЛОВ: КӨЧ БАРА-БАРА ТҮЗӨЛӨТ


Президенттин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча улуттук тил комиссиясынын төрагасы Ташбоо Жумагулов “Азаттыктын” таңкы уктурууларынын маектеши болду.

- Эң оболу өткөн жумада Бишкекте болгон саммит тууралуу суроо узатайын. Анда бүт иш орус тилинде жүргөнү айтылып жатат. Албетте, муну жалпы уюмдагы иштин протоколу менен түшүндүрүштү. Ошол эле учурда мамлекеттик тилдин бир эле сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө эмес, керек болсо көчөлөрдөгү илинген көрнөктөр да кыргыз тилинде колдонулбаганы бир топ нааразычылыктарды жаратты окшойт. Ошол көрнөк-жарнактар сиздердин текшерүүдөн өттү беле?

- Бул меселе боюнча биз аябай кызыкдар болдук. Биринчиден, бул Шаңкай кызматташтык уюму расмий үч тилде иш жүргүзөт экен. Булар орус, англис жана кытай тилдери экен. Алардын протоколу ушул үч тилде гана жүргүзүлөт экен. Ошол үч тилди түшүнгөн жетекчилер келип жатышты. Аларды тосуп алууда өзүлөрү түшүнгөн тилде жазылган көрнөк-жарнактар илинип турганда аларга жагымдуу сезилип жатты. Алар кайсы мамлекетке келип жатканын билишкен.

Ошондой эле Астанада, Ташкентте өткөн жолугушууда да ушул үч тилде иш жүргүзүлгөн экен. Бирок, бизди кубандырган нерсе - бул баардык менменсинген жетекчилер биздин президентке келип кол беришип, “атсалоом алейкум” деп кадимкидей өзүбүзгө тиешелүү тилде учурашып, саламдашып жатпадыбы. Ал эми расмий эмес жолугушуу кадимкидей кыргыздын салты менен өтпөдүбү. Колго кумган менен суу куюлуп, боз үй тигилип дегендей.

- Чоң саммиттердин, албетте, өзүнүн эрежелери болот. Сиз туура айтып жатасыз. Протокол болот бирок, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө мисалы, өлкө жетекчилери башка мамлекеттерге барышканда кайрадан эле орус тилинде сүйлөшөт. Мунун себеби эмнеде?

- Бул жүрөктү өйүгөн маселе. Бул маселе боюнча биздин республиканын жетекчилери менен мен болгон жолугушууда айтып келем. Мүмкүн болушунча биздин мамлекетибиздин жетекчилери кыргыз тилинде сүйлөгөнгө аракет кылып жатышат. Бирок айрым учурларда тилмечтердин аздыгынан ж.б. себептер менен расмий тилде жүргүзүлүп жатканы ырас. Бирок, “көч бара-бара түзөлөт” дегендей мына астыбызга милдет кылып койдук. Кечээ мамлекеттик катчыбыздын эң сонун маеги болду. Ошол жерде мамлекеттик тил жөнүндө сөз козголду. Ал киши дагы баса белгиледи. Кыргызстанда жашап жаткандан кийин мамлекеттик тил биринчи кезекте колдонулуш керек. Ушул багытта биз мамлекеттин жетекчилери сөзсүз түрдө колдойбуз. Мындан ары улантабыз деп маегинде белгилеп кетти.

- Ташбоо мырза, биз ушуга окшогон убадаларды дайыма эле угуп жүрөбүз. Сиз президенттин алдындагы тил комиссиясын жетектеп келесиз. Демек ушул өңдүү суроолорду президенттин өзүнө да айтасызбы?

- Президенттин өзүнө да айтып жатам. Мына жакында 15-сентябрдан 15-декабрга чейин мамлекеттик тилдин үч айлыгын жарыялаган жатабыз. Бул биринчи жолу болуп жатат. Ошол үч айдын алкагында көптөгөн маселелер козголуп, мамлекеттик тилибиздин кадыр-баркын көтөрүү маселеси биринчи планга коюлат. Ушул үч айдын ичинде көптөгөн иш чаралар өткөрүлөт. Өзүңүздөр байкайсыздар. Ал эми бүгүнкү күндө бардык министрликтер, мекеме, уюмдар расмий мамлекеттик тил боюнча адистиктерди өзүлөрүнө кабыл алышты. Котормочуларды кабыл алышты жана өзүлөрүнүн кызматкерлерин биздин астыбыздагы мамлекеттик тил борборлорунда окутуп башташты. Кыргызча айтканда, иш эми башталды. Буюрса мамлекеттик тилибиздин келечеги ачык, кең жана келечеги бар экенине менин көзүм жетет.

- Буга чейин сиз республикадагы маалымат каражаттар, өзгөчө телеканалдардын бардык берүүлөрүнүн жок дегенде кыргызча чыгарышы керек деген ойду айтып чыккан элеңиз. Анын арты эмне менен бүттү?

- Бардык мамлекеттик каналдарга биз кат менен кайрылып, мамлекеттик тилдин мыйзамдын эрежесине ылайык сиздер 50 пайызынан кем эмес берүүлөрдү кыргыз тилинде өткөрүшүңүздөр керек десек, бизди айрымдары туура эмес түшүнүштү. Ал турсун бизди сындаганга өтүштү. Бирок бардык мамлекеттик каналдарда биздин кайрылуудан кийин жаңылыктардын дээрлик көпчүлүгү кыргыз тилине өтүштү. Айрым көрсөтүүлөр кыргызчага өтө башташты. Бирок, биз катуу талап кылсак, “бизде кадр жетишпей жатат, каражат бөлүнбөй жатат, 2008-жылдын кошумча бюджетин сөзсүз түрдө карайбыз, ошондон тартып телеберүүлөр мамлекеттик тилде алып баруунун саатын, санын көбөйтөбүз” деп убадасын берип жатышат. Биз ошону күтөбүз.

- Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG