Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:36

АЗЕРБАЙЖАН ӨЗҮН ОЮНЧУК КЫЛУУГА ЖОЛ БЕРБЕЙТ


Ирандын президенти Махмуд Aхмадинежаддын эртең Азербайжанга баштала турган иш сапарынын алдында Ирандын Азербайжандагы элчиси Насир Хамиди Заре кечээ Бакыда Азербайжандын тышкы иштер министри Эльмар Мамадьяров менен жолугушту. Азаттыктын кабарчысы Иран элчиси менен маектешкен эле.

Азербайджан Кошмо Штаттар менен тыгыз алакалашып келатат. Бул Азербайджан менен Ирандын мамилелерине кедерги болбойбу, деген суроого элчи Насир Хамиди Заре буларды айтты:

-Биздин орток мамилелерибизге Азербайжандын да биздин да башка өлкөлөр менен алакалабыз чектөө койо албайт. Азербайжандын президенти Ильхам Алиев анын өлкөсү Иран менен тыкыз жана кошуналык жылуу мамилелерди өөрчүтүүгө кызыкдар экенин айткан жана Азербайжан бул ыкласын иш жүзүндө тастыктап келатат. Биздин президент Азербайжан менен мамилелерди мындан ары да өөрчүтүүгө кызыкдар экенин айтууда,-деди Ирандын элчиси.

Иран менен Азербайжан мамлекет башчыларынын жолугушуусунда Ирандын эл аралык коомчулук менен алакалашуудагы соңку проблемалары жөнүндө сөз болобу, деген суроого элчи эң оболу эки өлкөнүн президенттери орток кызыкчылыктагы маселелерди талкуулашаарын билдирди. Ошону менен бирге эле президенттер күн тартибиндеги суроолор менен чектелип калбасын кошумчалады.

АКШ менен Ирандын ортосундагы мамилелерди жакшыртууга Азербайджан ортомчулук кыла алаар беле, деген суроого элчи мамилелерди жакшыртуу үчүн жалаң эле бир тараптын каалоосу жетишсиз, андайда Азербайжандын ортомчулугунан майнап боло койбойт, деп жооп кайтарды.

-2005-жылы биздин президентибиз АКШга барып, диалогго даяр экенин айткан. Бирок АКШ өз позициясын өзгөрткүсү келбесе,
Азербайжандын колунан эмне келет? Маалымат каражаттарында биз жөнүндө чуулгандуу кептер таратылып жатканына карабастан, америкалыктар жана америкалык эң жогорку бийлик баскычындагылар Иран менен өз ара сый жакшы мамилелерди өөрчүтүүнү каалап турганын көрүп турабыз. Ар бир өлкөдө акылдуу адамдар бар эмеспи. Албетте, саясатты өкмөт жүргүзөт бирок ал адамдарды биз менен жакшы мамиледе болуудан токтотуп кала албайт
,- деди Насир Хамиди Заре.

Биздин радиого берген интервьюсунда азери элчиси башка маселелердин катарында азербайжан-армян жаңжалына токтолуп, анын өлкөсү Азербайжандын кошунасы жана мусулман өлкө катары Азербайжандын территориялык бүтүндүгүнүн бузулбастыгын жактай турганы, жаңжалдын тынчтык жолу менен чечилип, качкындардын үйлөрүнө кайтуусу үчүн шарт түзүлүшүн каалап турганын айтты. Ошону менен бирге эле элчи АКШ менен Россиянын Азербажандын Кабала радардык станциясын пайдалануу тууралуу сүйлөшүүлөрүнүн Азербайжансыз жүргөнү акылга сыйгыс нерсе, деп айтты. АКШ менен Россия Азербайжан суверендүү көз караандысыз өлкө экенин унутуп койуп жатышат. Коопсуздукту камсыз кылуу шылтоосу менен өзүн оюнчук кылууга Азербайджан да, анын эли да жол бербейт, деди ирандык элчи.

Баян Жумакадыр кызы, Прага

XS
SM
MD
LG