Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:40

БРИТАНИЯДА ДҮЙНӨЛҮК ДИНДЕРДИН КӨРГӨЗМӨСҮ АЧЫЛДЫ


Британ китепканасында үч негизги динге Иудаизм, Христиан жана Ислам динине байланыштуу көргөзмө ачылды. Бул үч дин Жакынкы Чыгыш, Европа жана Азия континеттеринин кылымдардан берки тарыхында өчкүс из калтырып, бул чөлкөмдө жашаган элдердин маданиятынын жана руханий дүйнөсүнүн калыптануусуна өлчөөсүз салым кошкону белгилүү.

Көргөзмөгө Европанын, Жакынкы Чыгыштын, Азиянын жана Африканын ар кайсы өлкөлөрүнө таандык диний китептер, диний маанидеги кол жазмалар, ошондой эле тумарлар, медальондор, чырактар менен шам жаккычтар, кол жазмаларды сактаган түтүктөр жана дин тутууда колдонулуучу башка буюмдар коюлган.

Экспонаттардын кыйласы Лондондогу Британ музейинен алынып келинген. Көргөзмөнү кыдырып чыккан көрөрман Иудаизм, Христиан жана Исламдын туулган жери гана бир эмес, алар туу туткан моралдык, этикалык асыл-нарктар менен, таянган библиялык тарыхы да үчөөнө тең орток экенине күбө болот.

"Ыйык асыл-нарктар-бизге эмнелер орток?" деген көргөзмөдө Тоораттын, Инжилдин жана Курандын байыркы экземплярларын өрүүгө болот. Алардын ичинде биздин заманга чейинки 50-жылдарга таандык, түтүккө окшотуп түрүлгөн кагазга жазылган Өлгөн Деңиз Жазуулары, биздин доордун экинчи кылымында жарык көргөн Христиан кол жазмасынын үзүндүсү жана биздин замандын 4-кылымына таандык Жаңы Тестаменттин толук тексти да бар. Экспозицияда Курандын 7-кылымга таандык Сауд Арабияда жазылган нускасы да койулган. Бул ыйык китеп Мухамед Пайгамбар Меккеден Мединага качкан кылымда жарык көргөн.

Бирок көргөзмөнүн кураторлорунун бири Колин Бейкэр экспозицияда коюлган Курандын башка бир нускасы өзгөчө чоң баалулук экенин белгилейт.

-Бул Куран Султан Бейбарстын убактысында жазылган. Анын өзгөчөлүгү: баары болуп 2000 бетке жазылып, жети томго сыйган китеп башынан аягына чейин алтын тамгалар менен жазылган. Бул Британ китепканасынын баа жеткис экспонаттарынын бири, Мамелюктар доорунда чыккан эң залкар Куран,- дейт куратор Колин Бейкер.

Көргөзмөнүн башкы куратору Грахам Шоунун көз карашында көргөзмө өз максатына жетти дегенге негиз бар. Аны көрүп чыккандар Жакынкы Чыгышта жаралган үч башка динде ажырымга караганда орток баалуулуктар көп экенине ынанышат.

-Биз ар түрдүү динди туткан элдер кол жазмаларды чыгарууда бири-биринин каада салттары менен тажрыйбасын үйрөнгөнүн көрүп турабыз. Бул ошол кезде жашаган элдердин өз ара түшүнүшүүсүнүн, бири-бири менен жашай билүү дараметинин мисалы , -дейт Грахам Шоу.

Анын көз карашын көргөзмө менен жаңы эле таанышып чыккан Будапешттен келген Литса деген аял мындай деп коштоду:

-Бул көргөзмө өз ара түшүнүшүүгө карай жакшы жол ачууда. Таң калыштуу, бирок бизде окшоштук көп турбайбы,аны көптөгөн кишилер этибарга албай жаткан шекилдүү,- дейт ал.

Баян Жумакадыр кызы, Прага

Азаттыктан угуңуз

XS
SM
MD
LG