Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:33

А. АБДРАСУЛОВА: АКСЫ ОКУЯСЫН АКЫРЫНА ЧЫГАРГАНГА БАКИЕВ БИРИНЧИ КЫЗЫКДАР БОЛУШ КЕРЕК


Маектешкен Төрөкул Дооров Мындан беш жыл мурда депутат Азимбек Бекназаровду абактан боштуп алабыз деп Аксы районунун борборуна митинг өткөргөнү баргандарга милиция ок чыгарып, андан алты адам мерт болгон. Бул трагедия кийин “Аксы окуясы” деп аталып калды. Ушул күндөрү Кербенде аксылык жабырлануучулар менен баш прокурор Элмурза Сатыбалдиев жолугушуп жатат. “Аксы окуясы” боюнча уюшулган парламенттик комиссия болсо сентябрдын алгачкы он күндүн ичинде Жогорку Кеңештин сессиясына отчет берүүгө камданууда. “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун төрайымы, укук коргоочу Азиза Абдрасулова Аксы окуясын тергөөнүн айланасында “Азаттык” менен ой-пикир алышты.

- Сиз утуру аксылыктар менен телефон аркылуу байланышып турсаңыздар керек. Кербенде өтүп жаткан сүйлөшүүлөр тууралуу кошумча маалыматтарыңыз барбы?

- Бүгүнкү күндө билесиздер баш прокурор Элмурза Сатыбалдиев барып алар менен жолугушууда жүрөт. Беш жылдан бери аксылыктардын талабы орундалбай келген. Эми азыр жаңы адамдарга жаңы кылмыш иштери козголууда. Бул жолугушуу дагы ошол маселелердин айланасында болуп жатат.

- Азиза айым, Элмурза Сатыбалдиев баш прокурорлукка келгенде дал ушул “Аксы окуясы” боюнча ишти аягына чыгаарууга катуу кирише тургандыгы боюнча убада кылган эле. Бул анын колунан келет деп ойлойсузбу? Анткени Азимбек Бекназаров “Аксы окуясындагы” негизги каарман өзү да бул ишке чекит коё алган жок.

- Эми Бекназаров Азимбек Анаркуловичти чекит коё алган жок деп айтуудан алысмын. Себеби, ал Азимбек Анаркулович баш прокурор болуп турган убагында Аксы окуясынын айланасында көп иштер чыккан. Негизинен 70 пайызга жакын жумушту аткарган. Бирок, ал баш прокурор кызматынан кеткенден кийин бул иш кандайдыр бир себептер менен убактылуу токтоп калып, аны эми Элмурза Сатыбалдиев келгенден кийин улантып жатат. Эми ишенгим келет, Элмурза Сатыбалдиевге ушул ишти аягына чыгарат деп. Ал биринчиден жаш, ушул окуя анын келечегине да карьерасына дагы чоң жол ачып бермек. Мен ошондой ойдомун. Кимдир бирөө чыгарыш керек да. Азырынча мен бул жигитке ишеним билдирем.

- Азимбек Бекназаров биздин радионун суроолоруна жооп берип жатып, “Аксы окуясына” бийлик тараптан тоскоолдук сөзсүз болушу мүмкүн деп билдирди. Буга сиз кошула аласызбы?

- Мен ал ойго азырынча кошулгум келбей турат. Себеби, билесиздер март айларында бул Аксы окуясы боюнча иш токтотулуп калып, андан кийин кайра жандандырылган болчу. Бүгүнкү күндө бүгүнкү бийлик Курманбек Салиевич башында турган бийлик аябай кызыкдар болуш керек ушул окуянын аягына чекит коюлушуна. Себеби, бул сөздү мен кайра-кайра кайталап айтып келе жатам. Ошол кезде Курманбек Бакиев баш министр болуп турган. Аксы окуясы Курманбек Салиевичтин да атына- аброюна көп эле көлөкө түшүрүп келе жатат. Ошондуктан Бекназаровдукунан Бакиевдин кызыкчылыгы чоң болуш керек. Себеби, бүгүнкү президент кезинде “Аксы окуясын” акырына чыгарып койбосо, эртеңки күнү балким башкалардын катарына Бакиевдин да аты кошулуп калышы мүмкүн. Ошондуктан бүгүнкү бийлик тоскоолдук кылат деген ойдон алысмын. Тоскоолдук кылса жабылып калган убакта эле ошол бойдон жаап салмак.

- Азиза айым, эми “Аксы окуясы” боюнча иш кайсы жагдайда жабылды деп айтканга болот?

- Биринчиден, юридикалык баа берилиш керек. Кайсы мыйзамдар бузулду. Ошол адамдардын өлүмү кайсыл статьяга туура келет. Юридикалык баа берилгенден кийин эми бул “Аксы окуясына” саясий баа берилет. Андан кийин гана моралдык баа калат. Ал эми моралдык баага келгенде биз ошол аксылыктардын өзүлөрү айтыш керек. “Биз күнөөлүүлөрдүн атын билдик, күнөөлүүлөр жазасын алды же болбосо күнөөлүүлөр өзүлөрүнүн баасын алды. Биз кечирим беребиз же бербейбиз”,- деп. Көпчүлүгүндө айтып келе жатышпайбы аксылыктар качан кечирим берип, качан “Аксы окуясын” унутушат деп. Алар “Аксы окуясына” кимге кечирим беришти бүгүнкү күнгө чейин аксылыктар билбейт. Себеби Акаев да менин күнөөм жок дейт. Карыпкулов да, Абышкаев да менин күнөөм жок дейт. А кимдир бирөө күнөөлүү болуш керек да. Кимдир бирөөнүн жоопкерчилиги болуш керек да. Ошол алты адамдын өлүмүнө. Отузга жакын адамдын жарадар болушуна.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG