Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:23

АТБАШЫДА “КОШОЙ-КОРГОН” ЭЛ АРАЛЫК ФЕСТИВАЛЫ АЧЫЛДЫ


Кечээден тарта Нарын облусундагы Атбашы районунда Кошой-Коргон эл аралык фестивалы ачылды. Ал күндөрдөгү башкы окуянын бири “Кошой-Коргон” маданий комплексинин ачылышы болмокчу Атбашы районунун акиминин орун басары Гүлдөөсүн Мусакеева “Азаттыктын” таңкы уктурууларына чыгып, фестивалдын жүрүшү боюнча айтып берген.

- Гүлдөөсүн айым, мына бүгүн фестивалдын экинчи күнү башталганы турат. Кандай окуялар болуп жатат кечээки күндөн бери?

- Өзүңүздөргө белгилүү Атбашы району тарыхый мааниге ээ. Көптөгөн эстеликтер жайгашкан. Мисалы, “Ташрабат”, “Кербенсарай”, “Кошой-Коргон” чеби жайгашкан. Эки айдан бери “Кошой-Коргон” фестивалын өткөрүү боюнча көптөгөн маселелер козголуп, музей куруу максаты коюлган. Мына бүгүнкү күнү музейдин ачуу аземи турат. Урпактарга, келечек муундарга өзүбүздүн тарыхыбызы өткөрүп берүү максатында музей уюшулуп жатат. Улуттук маданий мурастар аркылуу, улуттар аралык биримдикти, ынтымактыкты, достукту, патриоттулукту жана “Кошой-Коргондун” тарыхый маанисин дүйнө жүзүнө таанытуу, даңазалоо максатында эл аралык фольклор төрт номинация менен жүргүзүлөт. Ал акындык, манасчылык, элдик ырлар ошондой эле түп нускабызды, нарк насилибизди ыйык сактап ус-чеберлер менен кол өнөрчүлүктү даңазалоо жүргүзүлөт.

Мына кечээ “Жаңыл мырза” спектакли сахна театры менен ошондой эле америкалык “Ламама” театры менен биргелешип, ушул биздин Карасуу айылындагы "Кошой" маданий үйүндө коюлду. Андан тышкары сүрөтчүлөр келип, “Ташрабат”, “Кошой-Коргон”, “Чечдөбө” сыяктуу ыйык мазарларды тартып, сүрөттөрүн биздин музейге берип жатышат.
Негизинен маданий иштер жүрүп жатат. 24-август күнү мелдештер, конкурстар өткөрүлөт. 25-август күнү музейдин ачылыш аземи болот.

- Атбашы районунун бийликтери бул фестивалды өткөрүүгө, тарыхый музейди ачууга кандайдыр бир каржылык жактан колдоолорду көрсөтүштүбү?

- Биздин район тараптан музейди ачууда көптөгөн колдоолор болду деп айтсам жаңылышпайм. Себеби, элибиз эски экспонаттарды чогултууда чоң салымдарын кошту. Ошондой эле уюштуруу маселелерине келгенде бул фестиваль үч тараптуу болуп жаткандыктан негизинен “Дордой” ассоциациясы көтөрүп жатат. Андан кийин маданият министрлиги жана райондук администрациясы тарабынан колдоолор болуп жатат.

- Фестивалга чет мамлекеттерден адамдар келиштиби?

- Чет мамлекеттерден конокторду күтүп жатабыз. Айтылган боюнча бизге коңшу Кытай республикасынан, Түркиядан, Казакстандан коноктордун келиши күтүлүүдө. Кудай буюрса келет.

- Аларды жайгаштыруу маселелери кандай чечилип жатат?

- Жайгаштыруу маселелеринде биздин Карасуу айылынын эли чогуу көтөрүлүп, үйлөргө жайгаштырабыз. Ошондой эле кыргыздын боз үйлөрү тигилип жатат. Ошол боз үйлөргө да жайгаштырабыз.

- Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG