ВАШИНГТОН. АКШнын МАГАТЭдеги өкүлү Грегори Шулте Ирандын ядролук программасын иликтеп чыгуунун мөөнөтү боюнча түзүлгөн планга ынанбаганын билдирди. План өлкөнүн ядролук обьекттерин тыкан текшерип чыкканга мүмкүндүк бербейт, Иран атомдук бомба жасап чыгаруу аракеттерин изилдөөдөн бизди алагды кылгысы келип жатат, деди ал. Анын аралыгында бүгүн Ирандын президенти Махмуд Ахмединежад Улуттар уюмунун санкциялары анын өлкөсүн ядролук технологияны өнүктүрүүдөн токтотуп калба албайт, деп билдирди.