Адилет министрлигинин жаза аткаруу башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Капар Мукеев жана анын төрт жардамчысы “Шалаакылык кылган” деп айыпталууда. Аларга карата кылмыш иши өткөн жылы 19-январда башталган. Айыптоочу тарап аларды өлкөгө эки миллион сомго зыян келтирген деп күнөөлөп жатат. (ZMa)