Ооганстандын саламаттык сактоо министри Мухамад Амин Фатеминин маалыматына караганда, мындан эки жыл мурда Ооганстанда СПИД оорусун көзөмөлдөө департаменти түзүлүп, анын кызматкерлери эксперттер менен биргеликте СПИД оорусун көзөмөлдөөгө багытталган беш жылдык стратегиясын иштеп чыккан. 2010-жылга чейинки иш планда оорунун жайылышына бөгөт койуу, оорунун аныктоо жана жыныстык жол менен жугуучу башка кеселдерди аныктоо боюнча иш чаралар каралган. Бул чаралар медициналык тейлөө жокко эсе алыскы чөлкөмдөрдө иш жүргүзүүгө да багытталган.
Анын кандайча ишке ашырылып жатканы жөнүндө министр кабарчыбызга мындай деп баяндады:
-Бул стратегия абдан ийгиликтү ишке ашырып жатат деп айта алам. Аны ишке ашыруу үчүн донор өлкөлөрдү бизге жардам берүүгө көндүрүп жатабыз. Бул стратегияны ишке ашыруу үчүн бизге 38 миллион доллар керек болот. Дүйнөлүк Банк биздин министрликке 10 миллион доллар бөлүп берүүгө макул болду. Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо уюму 1 миллион доллар, ал эми Франция 200 миң доллар бермек болуп жатышат. Андан сырткаары биз Глобалдык Фонддон СПИД, безгек жана кургак учук илдетине каршы чара көрүү үчүн дагы 11 миллион сурап жатабыз, анын жообун фонд бизге ноябрда берет. Азиянын Өнүгүү Банкы бизге 1,5 миллион доллар убада кылды,- деди министр.
Министр Мухамад Амин Фатеминин айтымында, бүгүнкү күнгө чейин вич инфекциясын жугузуп алган адамдардын расмий саны 245 кишини түздү. Дүйнөлүк Банк менен ВОЗдун болжолунда бул көрсөткүч 1 миңден 2 миңге чейин барышы ыктымал. Ал эми министр вич инфекциясын жугузуп алган адамдардын саны иш жүзүндө 2 миңден 3 миңге чейин бара турганын болжолдойт. Алардын кыйласы Пакистан менен Ирандан мекенине кайтып келип жаткан ооган качкындары, кеминде 60 проценти вирусту маңзатты ийне менен сайынуу аркылуу жугузуп алган наркомандар. Бул жерден дагы бир факторду эске алуу керек, жугуштуу ооруга туш болгон көпчүлүк адамдар аны медиктерден, ал турсун үй бүлөсүнөн жашырат. Бул жагдай оорунун вирусуна чалдыккандар аныкталгандан алда канча көп дегенге негиз берет, дейт министр.
Оорунун Ооганстанда жайылып кетүү коркунучу канчалык деген суроого Мухамед Амин Фатеми азырынча СПИД оорусунун чыкканы тууралуу бир да маалымат жок экенин, бирок непадам оору чыгып кетсе бийликтин мойнуна чоң жоопкерчилик менен эбегейсиз чоң иш жүктөлө турганын белгиледи.
Дүйнө жүзү боюнча вич инфекциясын жугузуп алган адамдардын саны 42 миллиондон ашты. Медиктер оорунун эпидемиясы жөнүндө кеп кылып жатышат.
Баян Жумакадыр кызы, Прага