Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:52

ДЕПУТАТТАР 22 МИҢ ДОЛЛАРЛЫК МАШИНА МИНИШЕТ


Кабыл Макешов, Бишкек

23-августта жарык көргөн “Общественный рейтинг” жумалыгында Бишкек мэриясынын басма сөз катчысы Данияр Шабданов борбор шаарынын нанды кымбаттатууга эч кандай негиз жок деп билдирген. Анын айтымында, премьер-министр Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен мамлекеттик материалдык резерв агенттиги 15 миң тонна буудайды кампада сактаган. 20-августтан баштап ун комбинаттары нан азыктары үчүн ундун баасын ылдыйлаткан. Ошондо 2-сорттогу ундун 1 килосу 8 сомдон, 1-сорттогу 1 кг. ун 9 сом 20 тыйындан наабайканаларга сатылган. Ошондуктан “кызыл кулак соодагерлер элдин жон терисин шылып алгыдай нанды кымбаттатууга эч кандай негизи жок”,- деп билдирген Бишкек мэриясынын басма сөз жетекчиси Данияр Шабданов.

Ушул теманы кабарчы Елена Щукина дагы улантып, “эми арзан нанды ала албайбыз, себеби, буудай сатып алууда Казакстанга көз карандыбыз. Алар быйыл түшүм начар болгонун шылтоолоп, бааны көтөрүүдө. Өлкөдөгү дыйкандар оңоюна карап буурчак, дарбыз, картөшкө жана башка жер-жемиштерди эгип жатат. Аны дагы коңшу Казакстанга текейден арзан сатып жиберишет. Өзүбүздүн өлкөдөгү атуулдарды ойлобой, коңшу өлкөлөрдү арзан азык-түлүк менен камсыз кылып жатабыз. Алар буудайын арзан беришпейт”,- деп тынчсызданат кабарчы Елена Щукина.

“Общественный рейтинг” жумалык гезитинин маалыматы боюнча Кыргызстан ар жыл сайын Казакстандан 250 миң тонна буудай сатып алат. “Акун” жабык акционердик коомунун жетекчиси Чыныбай Турсунбековдун айтымына караганда, Казакстан жаңы түшүм жыйнаган сайын буудайдын баасын көтөрүүдө. Анын маалыматы боюнча өкмөт жакынкы аралыкта 20 миң тоннадай буудай топтоп наабайканаларга арзан баада берүүсү зарыл. “Казакстандык шериктештер менен 120 миң тонна буудай алууга макулдашып койдум”,- дейт Чыныбай Турсунбеков.

“Ошентсе да нан, азык-түлүк, жер-жемиш күрдөөлдүү күз болсо да арзандабай калды көрүнөт. Карапайым калкка кыйын болду”,- деп божомолдойт “Общественный рейтинг” жумалыгы.

“Өлкөдө нан, азык-түлүк кымбаттап эл кыйналып жатса, Жогорку Кеңештин депутаттары баасы 22 миң долларлык Тойота-Камри үлгүсүндөгү 20 жаңы машине минмек болушту”,- деп маалымдайт “Комсомольская правда” гезити.

“Депутаттарга түрдүү сунуштар болгон. Алардын арасында “Тойота-Камри жана башка үлгүдөгү жиптер да бар эле. Жаңы автоунаалардын баалары 18 миң доллардан 22 миң долларга чейин болсо, депутаттар эң кымбат машинаны тандашкан”,- деп жазат кабарчы Семетей Аманбеков.

“Аз камсыз болгон жакырларга өкмөт жардам берүүгө өтө эле шашып жатат. Өкмөт башчы Алмазбек Атамбаевдин чечими менен 1-октябрдан баштап пенсия, жөлөк пулдун өлчөмүн көбөйтмөк болду. Учурда нан кымбаттап, азык-түлүктүн баасы жогорулап жатса, бирок 1-октябрдан баштап майыптардын гана пенсия, жөлөк пулун жогорулатуу чечими чыкты. Өлкөдө нан кризиси, нан азыктарынын кымбатташына каршы тополоң бышып жетилди көрүнөт”,- деп маалымдайт “Комсомольская правда” гезитинин Кыргызстандагы кабарчысы Азамат Тынаев.

Ушул жумадагы гезиттердин негизги темасы Бишкекте өткөн Шаңкай кызматташтык уюмунун саммити болду. Бул темага 23-августтагы “Общественный рейтинг” жумалыгы да кайрылган. “Эгерде Шаңкай кызматташтык уюмуна-Түркмөнстан менен Иран мүчө болуп кирсе, абдан жакшы натыйжа берээр эле. Ал эми Индия мүчө болсо бул уюм экономикалык жактан да утушка ээ болмок. Ооганстан менен Пакистандын ШКУга мүчө болушу али эрте, ал үчүн мезгил керек, деген пикирин билдирген Жогорку Кеңештин депутаты Искак Масалиев.

Эл аралык эксперт Базарбай Мамбетовдун пикиринде Шаңкай кызматташтык уюмунун мүчөлөрү жөн гана тилектештик үчүн бириккен сыяктуу. Алар өз позицияларын да так аныктай элек. “Иран менен Пакистан ШКУга мүчө болсо болот. Ич ара талаш-тартыштарын чече албай жаткан Ооганстан тууралуу сөз кылуу эрте”,- дейт Базарбай Мамбетов.

“Общественый рейтинг” жумалыгы Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Кубанычбек Исабеков менен кеңири маектешүүгө орун берди. Анда да Шаңкай кызматташтык уюмунун аскери болушу керектигин, НАТО сыяктуу уюм болууга негизи бардыгын, “Манас” аба майданында жайгашкан антитеррордук авиабазанын текейден арзан аренда акысы, өлкөдөгү коррупция өкмөт башчынын иш-аракеттери тууралуу кеп кылган.
XS
SM
MD
LG