Нарын шаарынын тургуну 54 жаштагы Курманбек Калматов 14-августта шаардык ооруканада каза болгон. Анын бир тууган эжеси Нарынгүл Калматова, карындашы Мира Калматовалардын айтымында, маркум 18-июлда кечки саат тогузда чыгып, жол жээгиндеги машинедеги адамдан тамеки сураган.
- Тамеки сураган го. Сен менден сурайсыңбы, мен тамеки бере албайм, ушундай мааниде айткан го. Түшө калып эле чаап жибергенби же тээп жибергенби. Анан жерге кулап түшүп калат. Кулап түшкөндө менин уулум көрүп калат. Үстүнө басып туруптур дейт. Уулумдун жини келип кетип, бул эмне кылганыңар десе, “атаңбы, эмнең, алып кет болбосо өлтүрүп салам” деген экен.
Окуя болгон соң Калматовду доктурлар да жакшы кабыл албай коюшкан.
-Травматолог деген доктур ала албайм бул кишини деди. Психонарколог бөлүмгө жаткырып салды. Ренгенге тартышса эки кабыргасы сыныптыр. Невропотолог болсо ренгенге тарткын дейт. Психоз дептир.
- Канча күн жатты бейтапканада?
- Он беш күн жатты. Эртең менен келип каза болуп калды деди. Биз каза болот деп үч уктасак да түшүбүзгө кирген эмес.
Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкери эч себепсиз уруп сокту деп Калматовдун туугандары 21-июлда Нарын шаардык милициясына кайрылышкан. Бирок, алар эч жыйынтык чыгарышкан эмес.
- Милицияга бардык, арызды таштап эле биз бейтапканага шашып жатабыз деп кетип калдык. Керек болсо кайсы доктурга жатканын дагы түшүнбөптүр. Каттоосу да жок арыздын. Басып келген эч ким да болгон жок.
Балдарыбыздын келечегинен коркуп эле сотко кайрылган жокпуз. Дообуз жок деп арыз жазып бердик, дешет Калматовдор.
- Кыргызча кечирим сурасын дедик. Келсин дедик. Тиги бала келди. Соттоткондо эми биз деле жамандыкка барбайлы дедик. Ушул убакка чейин бир басып келип жок дегенде бир чара көрө көрүп койсо болмок.
-Маркумду сойдурган жоксуздарбы, текшертпей койдуңуздарбы?
- Жок. Сойдурабыз деп моргго алып барып келишти. Морг дагы бек болуп калганбы, билбейм кайра келишти. Кайра алып барабыз дегенде апам болбой койду,- дешти жабырлануучулар.
Ал эми Нарын шаарынын прокурору Майрамбек Акматалиев бул иш боюнча буларга токтолду:
- Бул факты боюнча биз жерине барып текшерүү аракеттерин уюштурдук. Калматов Курманбектин эмнеден каза болгонун такташ үчүн, текст түзүш үчүн соттук милициялык экспертиза дайындап, токтомун экспертке берип, сөөктү моргго алып барып соёлу десек туугандары, Калматовдун апасы макул болбой коюшту. Сөөктү берүүдөн баш тартышты. Ал боюнча өтүнүч арыз жазган. Эч кимге дооматыбыз жок. Улуттук коопсуздук кызматкерлерине да, милиция кызматкерлерине да дооматыбыз жок деп. Бул иш боюнча кылмыш козгогонго биз негиз таба элекпиз, анткени, каза болгон кишини сойдурбай коюшту. Бул биринчиден. Экинчиден, өзүлөрү өтүнүч арыз жазып беришти,- дейт Майрамбек Акматалиев.
Соңку маалымат боюнча өз убагында арызды карабагандыгы үчүн Нарын шаардык Ички иштер бөлүмүнүн начальнигинин орун басары Каныбек Чолпонбаевге жана Муса уулу Чорого чара көрүү жөнүндө Нарын облустук Ички иштер башкармалыгына облустук прокуратурадан атайын сунуш берилди.