Коалиция бүгүн тараткан билдирүүсүндө «Жоомарт» кыймылынын лидери аймактар жана уруулар ортосуна чагым салчу экстремисттик билдирүү жасады деп айыптады. Ошондуктан коалиция Башкы прокуратурага жана Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылып, улуттук биримдикке, жарандык ынтымакка доо кетирген мындай билдирүүлөр үчүн кылмыш жообуна тартыларын Мотуевге эскертүүнү талап кылды. Нурлан Мотуев бүгүн «АКИпресс» агенттигинде маалымат жыйынын уюштуруп, Балыкчы шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкердигин коюп жаткандыгын билдирген. Бул кадамын ал бийликти колдоо жана «Бириккен фронттун» лидерлеринин бири Өмүрбек Субаналиевди депутаттыкка өткөрбөө максаты менен байланыштырган. (BuS)
17:00 «Демократия жана жарандык коом үчүн!» Нурлан Мотуевди экстремисттик билдирүү жасады деп айыптады