Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:27

17:33 Араванда Төөмоюн айылынын дыйкандары 2100 гектар аянтка эгилген пахтанын камын көрө башташты


Күздө анын ар гектарынан 20 центнерден түшүм жыйноо камы көрүлүп жаткан кез. Бирок, ал алтындын наркы али күнгө чейин чечиле элек. Бул туурасында “Азаттыкка” Төөмоюн айыл өкмөтүнүн башчысы Абдысалам Маматов кабарлады. Анын айтуусунда, былтыр жердештери пахтанын ар килосун 15 сом 50 тыйындан араң саткандыктан чыгымды актабай, мээнети күйүп кеткен. Ош облус губернаторунун айыл чарба боюнча орун басары Болот Бүргөев да төөмоюндуктардын тынчсызданганын жөндүү деп эсептейт. Облус боюнча быйыл 38 миң тонна пахта жыйналат. Антсе да губернатордун орун басарынын айтымында аны сатуу өкмөт тарабынан жөнгө салына элек. (ATo)

XS
SM
MD
LG