Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:36

НАРЫНДЫН ЖАМААЧЫ ЖОЛДОРУНА ЖАРДАМ КЕЛДИ


Жаркын Ибраева, Бишкек Бүгүн эртең менен Курманбек Бакиев Нарын облусунун Кочкор районунда иш сапары менен болду. Маалымат кызматынын кабарлаганына караганда, сапар маалында Кочкордогу жаңы асфальт-бетон заводунун жана таш майдалоочу ишкананын ачылышына катышты. Бишкек-Нарын-Торугарт автожолун оңдоо максатында ачылган бул заводду жана жол оңдоочу техникаларды Жапон өкмөтү Кыргызстанга берди. Мындан тышкары президент К.Бакиев былтыр декабрда жер титирөөдөн урап калган Семизбел орто мектебинин кайра оңдолуп ачылышына катышты

Саат ондо президент Курманбек Бакиев Кочкор районунун Семизбел айылында болуп, жер титирөөдөн жабыркаган 285 орундуу мектептин ачылыш аземине катышып, чогулгандарга Калыгул олуянын билимге арналган ыр саптары менен өз сөзүн баштады.

- Кыргыздын залкар ойчусу жана анын акыл айткан ыр саптары эске келет.


Жакшы чыккан азамат, элин билээр,

Элин билген ал адам билим билээр.

Эчен түрдүү адамдын тилин билээр,

Ошол адам ойлосоң кимден чыгаар,

Ушул турган калайык элден чыгаар.

Элин билген, билим билген азаматтар ушундай мектептерден чыгат,- деди Курманбек Бакиев.

Сапардын учурунда баласы Баткен коогалаңына катышкан сексенге келген Теңдик айылынын тургуну Салыйка Өмүровага 700 миң сомго жаңы типте салынган төрт бөлмөлүү үйдүн ачкычын тапшырды. Бишкек-Торугарт жолунун 240 чакырымында жайгашкан жылуу участогунда Курманбек Бакиев баштаган кыргыз өкмөтүнө Жапон өкмөтү жалпы баасы 5,2 миллион АКШ доллары турган жыйырма үч түрдөгү 62 даана жол оңдоочу, кайра калыбына келтирүүчү техникаларды тапшырды. Анда президент буларга токтолду:

- Бүгүн биз жол курулуш техникасынын 62 бирдигин акысыз негизде алып жатабыз. Ошондой эле бетон заводун жана таш майдалоочу жабдууну ишке киргизебиз. Бул техниканы жана жабдууларды Нарын облусуна жайгаштыруунун себеби түшүнүктүү. Бул жакта жол тармактары өтө бузулуп кеткен. “Жол азабы-көр азабы”,- дегендей. Завод жана жабдуулар менен облустун негизги жолдорун гана эмес, ошондой эле жамаатташ автожолдорду оңдойбуз. Автожолдорду реабилитациялоо, сапатын сактоо жана оңдоо жүргүзүлөт. Ошондуктан ушул жерден баса белгилеп кетким келет. Бир гана ушул долбоор кирип калды деп эле магистраль менен кетпей, Кочкордун жолдору, борбору, Нарын районунун жолдору дагы кирет. Муну тапшырма катары кабыл алгыла. Эл түшүнбөй калбасын. Магистралдык жолдор оңдолуп эле ички жолдор калып калбасын. Ушуну эске алып койсоңуздар,- дейт президент.

Андан соң Жапониянын Кыргызстандагы элчиси Касаит-Тацу-Хито бул техникалар Нарындын экономикалык абалын оңдоого чоң жардам берет деди.

Андан соң Бакиев чогулгандар менен бирге асфальт чыгаруучу заводду алгач болуп чыгарып көрдү. Ушул эле жерде таш талкалоочу көчмө завод да ачылды. Булар нөөмөтүнө 350 тонна асфальт чыгарат. Сапар учурунда курулуш жана архитектура боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Ишенбай Кадырбеков президентке “Ардактуу курулушчу” деген наамды өлкө курулушчулардын атынан берип, биринчи күбөлүктү тапшырды. Семизбел айылындагы мектепти курушкан Кыргыз-орус Славян университетинин биринчи курсунун төрт студентине президент өз колу менен студенттик күбөлүк тапшырды.

XS
SM
MD
LG