Бул тууралуу тышкы иштер министрлиги билдирди. Анталия облустук полициянын коопсуздук башкармалыгынын маалыматы боюнча "ATLAS JET" авиакомпаниясына таандык барымтага алынган учактагы 136 жүргүнчүнүн катарында Кыргызстандык 22 жаштагы Аида Жумабек да бар болчу. Учак 18-августта барымтага алынып, Анталияда кайра бошотулган. Жүргүнчүлөр бошотулгандан кийин Аида Жумбаек дароо Стамбулга учуп кеткен жана анын саламаттыгы жайында деп билдирген Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги. (BuS)
18:24 Лефкос-Стамбул сапарында барымтага алынган учактагы Кыргызстандык кыздын абалы жакшы