-Эми учактар качан каттай баштайт?
- 23-август күнү биринчи жолу техникалык усул болду. Буга чейин “Манас” аэропортунун негизинде аэропорт жана учуу тилкелери толук калыбына келтирилди. 30-августтан баштап жумасына эки жолу шейшемби жана бейшемби күндөрү уча турган болду.
- Кандай учактар болот ал жерде?
- Бул “АН-24” маркасындагы учак. “Авиатрафик” компаниясы уча турган болду. Баасын элдер угуп сүйүнүп жатат. Анын наркы 1560 сом Бишкекке чейин. Ал эми Ош шаарына болсо 360 сом болуп түзүлдү.
-Кубанычбек мырза, чындыгында Исфана шаарында аэропорттун ачылышын лейлектиктер көп убакыттан бери күтүп келишкен. Бирок, ал аэропорт “Манас” акционердик коомунун карамагына өтө тургандыгы айтылды. Муну сиздер кандай кабыл алдыңыздар?
- Бул туура. Себеби, бул аэропорт деген өтө татаал, техникалык курулуш деп айтсак болот. Анткени аны каржылоо маселеси дагы чоң иш. Ошондуктан биз аны туура эле кабыл алдык.
- Ремонт иштери кандай өттү. Кайсыл каражат менен?
- Ремонт иштери”Манас” аэропортуна өткөндөн кийин анын каражаты менен өттү. Бул абдан жакшы ремонт болду.
- Кубанычбек мырза, сиз айтып жатасыз учактын Бишкекке чейинки баасы 1560 сом деп. Ал эми эгер Исфанадан Бишкекке чейин жеңил унаа менен баруу канчага турат.
- Жеңил унаа менен баруу 1000-1200 сомго чейин, ал эми кичи автобустар менен 900-1000 сомдун тегерегинде. Ал ашуу аркылуу. 15-октябрдан тартып ашуу аркылуу кичине автобустардын жүрүшү токтойт болчу, анан дагы кымбаттамак. Ал эми Өзбекстан аркылуу каттап жүргөн автобустар бар эле, азыр бир топ чек ара проблемаларына байланыштуу алар жүрбөй калган. Мына кечээ күнү эле 30-августка карата билеттер Исфанадан Бишкекке чейин, Бишкектен-Исфанага бир күндө сатылып кетти. Бүгүн билет жок деп жатышат. Мен ойлойм, бул аба каттамынан элибиз толук пайдаланат. Бул абдан жакшы болду.
- Эми ортодо айырма анча чоң эмес экен, ошондуктан жүргүнчүлөр да көп болсо керек.
- Ооба, көп болот. Себеби, 1000-1200 сом төлөп машина менен бир жарым же эки суткага чейин кыйналып, чайналып жолдо жүрмөк. Калган айырмасы жолдон тамак-ашка же жатаканага кетип калат.
- Кубанычбек мырза, Лейлектеги жалпы элдин социалдык абалы кандай?
- Биздин жаратылыш шартыбызды, мүмкүнчүлүгүбүздү билесиздер. Лейлек районунда 80% жакын жер кайрак жер болуп эсептелет. Чек арага жакын болгондуктан жумуш орду азыраак болгондуктан жаштардын көпчүлүгү Чүй өрөөнүнө, Орусияга кетип жаткан фактылар бар. Албетте, биз кошумча жумуш орундарын көбөйтүү боюнча мүмкүнчүлүктүн болушунча жергиликтүү бийлик, облустук, республикалык деңгээлдеги жетекчиликке маселе коюп, анын үстүндө иш аракеттерди жасап жатабыз.
Маектешкен Төрөкул Дооров