Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:53

АМЕРИКАЛЫК ЕВРЕЙЛЕРДИН «АРМЯН ГЕНОЦИДИ» ЖӨНҮНДӨ БИЛДИРҮҮСҮ АНКАРАНЫ ДҮРБӨЛӨҢГӨ САЛДЫ


АКШдагы бир еврей лобби тобунун демейдеги турумун өзгөртүп, биринчи дүйнөлүк согуш кезинде Осмон империясында армяндардын кыргынга учуроо окуяларын ‘геноцид’ катары кабыл алуусу Түркиянын катуу реакциясын туудурду.

AКШнын Конгресинде демократтардын көпчүлүккө ээ болуусунан кийин, ‘армиян геноциди’ тууралуу мыйзам долбоорунун кабыл алынуу ыктымалы мурда эч качан болуп көрбөгөн түрдө күчтөнгөн ушул күндөрдө “Anti Defamation League’ аталган бул ири лобби курулушунун кабыл алган кийинки токтому Анкарада өкмөт чөйрөлөрүн дүрбөлөңгө салып, ТИМ Абдуллах Гүл Израилдин баш элчиси Пинхас Авиви менен көрүштү. Кызмат мөөнөтү соңуна чыгып бараткан баш элчи менен болгон көрүшүүсүндө Түркиянын токтомго болгон нааразычылыгын билдирген Гүл, америкалык еврей лобби тобунун бул баяны Түркияда терең өкүнүү сезимдерин пайда кылганын билдирди.

Кабарчылар менен болгон маегинде израилдик баш элчи Америкадагы еврей уюмунун кийинки токтомунун Израилге эч кандай тиешеси жоктугун баса белгиледи. Ал өзүнүн өлкөсүнүн бул маселе тууралуу туруму эч алмашпай демейдегидей сакталып кала бергенин билдирди.

Баш элчи маселени өлкөсүнө билдиргенден кийин кечээ Израилдин президенти Шимон Перез Түркиянын премьер-министри Режеп Таййип Эрдоганга телефон чалып, Израил Түркия менен болгон мамилелерине ири артыкчылык береерине ишендирди.

Америкалык еврейлердин кыскача “АДЛ” аталган бул уюшмасынын төрагасы Абрахам Фоксман өзүнүн тобунун интернет баракчасында айткан сөзүндө, аталган уюм 1915- жылдарда Осмон империясы учурунда армяндардын кырылуу окуяларын ‘геноцид’ катары кабыл алуу жыйынтыгына келгенин билдирди. Ал ошол эле кезде, өзүнүн уюму ‘геноцид’ тууралуу резолюциянын Конгресстин Өкүлдөр палатасында кабыл алынуусуна али да болсо каршы экенин айтты.

“Бул маселе тууралуу Конгресcтеги мыйзам актысынын кабыл алынуусу көздөлгөн максатка кызмат кылбастыгына, армяндар менен түрктөрдүн кайра жарашуу жараянына эч пайда алып келбестигине, ошондой эле Түркияда жашаган еврей коомчулугун жана Түркия, Израил жана АКШнын ортосундогу мамилелерди тобокел астына салаарына болгон биздин бекем ишенимибиз ошол бойдон сакталып кала берүүдө”,- деп айтты Фоксман мырза.

Ушул арада Түркияда жашаган еврей коомчулугунун лидери Джак Камхи америкалык “Anti Defamation League’ тобунун турумундагы бул чукул өзгөрүштү түшүнбөй кыйналып жатканын билдирип, АДЛдин токтомун сынга алды.

XS
SM
MD
LG