- Бизге ушул күндөрү өтүп жаткан кино жүрүш боюнча айтып берсеңиз.Бул “Ысыккөл” кино фестивалынын бир бөлүгү катары өтүп жаткан окуябы?
- Ооба. Бул фестивалдын бир кичине тармагы. Фестиваль өзү 3-сентябрда башталат. 9-сентябрда аяктайт. Ага чейин бул кино кербен облустарды кыдырып, 3-сентябрда Ысыккөлдөгү фестивалга барат.
- Биздин угушубузга караганда, бул фестивалга акыркы кинотасмалар гана катышат деген маалымат бар. Мындай фильмдерди тандап алуу кандай принципте өттү эле?
- Ар бир системада тандоочу комиссия болот. Мисалы, бир топ фестивалдарга 100дөн-400гө жакын фильмдер келет. Анын ичинен 15-20 фильм тандалып алынат да калыстар тобуна сунушталат.
- Артык мырза, биздин угушубуз боюнча, сиздин окуучуларыңыз даярдаган тасмалар да “Ысыккөл” кино фестивалына катышат экен. Алар тууралуу айтып берсеңиз?
- “Манас” университетинде “радио, телевидение жана кино” деген бөлүм бар, ошонун негизинде биздин балдар бир топ жылдан бери чет мамлекеттерден белектерди алып жүрүшөт. Быйыл жаш киночулардын демилгеси менен режиссердук курстар ачылды. Ага отуздай бала кабыл алынып, азыркы учурда он бештей бала билим алышууда. Үч фильм тартылды, төртүнчүсү бүтүп жатат. Дагы төрт фильм тартылат. Ошол курстун балдары таркан үч фильм кирди, өттү комиссиядан. Андан башка “Манас” университетинин дипломдук фильмдери өттү. Баардыгы жети фильм болду.
-Алар кандай жанрдагы фильмдер?
- Үчөө оюн фильмдери, башкача айтканда кыска метраждуу, ал эми бешөө документалдуу.
- Сиздер кайсы каражатка тартып жатасыздар. Өзүнчө бир фонддор акча бөлүп жатабы же өзүңүздөрдүн каражаткабы?
- Бул дипломдук фильмдер негизинен окуу жайдын каражатына, ал эми режиссердук курстардыкы болсо жаш киночулар фондунун жана Голландиянын “Гилас” деген фонду бар, ошолордун жардамы аркылуу каржыланып жатат.
- “Ысыккөл” кино фестивалында кандай тасмалар көрсөтүлөт. Тематикасы боюнча кантип бөлүнгөн?
- Тематикасы майда-чүйдө экология, жаратылыш ж.б. эмес. Бул жалпы чоң кино фестиваль. Толук метраждуу фильмдер, кыска метраждуу оюн фильмдер.
- Башка мамлекеттерден жана Шаңкай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттерден да режиссерлор келсе керек, алардын да фильмдери коюлабы?
- Бул ШКУнун бир топ тармагы менен болуп жатат. Бирок, аны менен чектелген жок. Жалпы эле кенен кызыкчылыгы бар Орусиядан, Украинадан, Армениядан ж.б. мамлекеттерден келип жатат. Бул чоң фестиваль, буюрса, келечеги жакшы болот. Анын үстүнө өкмөт да жардам берип жатат. Мисалы, мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров дурус көмөктөшүүдө.
Маектешкен Төрөкул Дооров