Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:00

ОЙРОНУ ЧЫККАН ОППОЗИЦИЯ


«Эркинтоо»

«Эркинтоо» гезити президент Курманбек Бакиев Кочкордогу жер титирөөдөн жараксыз болуп, кайра жаңы курулган Семизбел айылындагы мектептин ачылышына барганын, Теңдик айылында болгонун, Бишкек-Нарын-Торугарт жолун кайра куруу үчүн жол курулуш техникасынын, заводдун ачылыш аземине катышканын кеңири баяндады.

Бул гезитте дагы Бишкекте өткөн Шаңхай кызматташтык уюмунун саммити ийгилик менен өткөнү сыпатталат.

«Саммиттин аркасы менен мамлекетибиз дүйнөгө угулуп, жүзүбүз жарык болду, деген пикирин Ысыккөл облусунун губернатору Кыдыкбек Исаев билдирген. Академик Бүбүйна Орузбаева болсо, жыйын Кыргызстанда өтсө да бир дагы адам кыргыз тилинде сүйлөбөгөндүгүнө капа. «Жок дегенде жыйындын башын кыргызча баштап, калганын расмий тилде улап кетсе деле мейли эле. Орус тили менен жылдызга жетпейсиңер. Өз тилиңерди өгөйлөбөй жүргүлө»,- дейт академик Бүбүйна Орузбаева.

«Эркинтоого» берген маегинде Жалабат облусундагы «Нур» ачык акционердик коомунун президенти Абдыжапар Тагаев «Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүү үчүн кеминде күчтүү 50 менеджер керек» деген пикирин билдирген. «Учурда базар экономикасын дүйнөлүк алкакка чейин жеткирүүгө билими бар жаштар бар деп ойлойм. Мындай таза, билимдүү кадрларды бийликке тартсак тез натыйжа болот»,- деген Абдыжапар Тагаев.

«Кыргыз туусу»

«Кыргыз туусу» гезити дагы Бишкекте өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун саммити ийгилик менен өткөнүн маалымдайт. Тышкы иштер министрлигинин мурдакы жетекчиси Аликбек Жекшенкуловдун ШКУ саммити тууралуу пикири да жарыяланды. «Бишкек саммити мазмуну жагынан өтө маанилүү болду. Бирок протоколдук эмес олутту эмес мүчүлүштүктөр кетти»,- дейт экс-министр.

«Кыргыз туусу» гезитинин кабарчысы Азима Акунова Ысыккөлдө эс алган туристтердин жана өлкө калкынын эс алуу маданиятынын төмөндүгүн сынга алган. Анда ыйык көл, Сулайман тоо тепселип, жапайы эс алуучулардан жаратылыш жабыр тартканы айтылат. «Биз ыйык деп сыйынып, дабаа издеп барып жаткан жерлерибиз коргоого муктаж. Ыйыктарыбызды «жапайы эс алуу» жайларына айлантуунун да чеги болоор бекен?» деп тынчсызданат макаланын автор.


«Белый пароход»

24-августтагы «Белый пароход» гезити «Адахан Мадумаров жана анын сүйүктүү
күрөгү» деген макалага орун берди. Мында мамлекеттик катчынын ишмердүүлүгү, айрым учурдагы калпыс айткан сөздөрү сынга алынган.

Адахан Мадумаров өзүн өтө эле каадалуу-нарктуу саясатчы, чиновник катары санап, мамлекеттик өтө маанилүү адам экенин эскертип турат. «Улуттук идеологияны гана козгоп, кыргыз элинин гана кызыкчылыгы үчүн күйгөндө, мындай позицияны өлкөнүн болочок президенти гана жасай алмак. Мындай кыял-жоругун президентке кошоматчылары шыбарып койсо, мамлекеттик катчы чемоданын көтөрүп Москвага элчиликке айдалып кетиши ыктымал»,- деп жазат «Белый пароход» гезитинин кабарчысы Елена Авдеева.

Ушул гезит Орусиянын «Время новостей» басылмасына жарыяланган президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин интервьюсун көчүрүп баскан. Мында Максим Бакиев бизнеси, атасынын саясий ишине кийлигишпегени, Борис Березовский менен эч кандай мамилеси жоктугун, анын Бишкекке келбегенин Казакстан, Орусия менен ишкерлик байланышта экенин атасы менен анда-санда гана кездешээрин айткан.

«Замандаш»

«Замандаш» журналында саясат таануучу Уран Ботобековдун «Ойрону чыккан оппозиция же күзүндө саясий күрөш күчөйбү?» деген макаласында учурда оппозициянын деми сууп, жүрүшү басаңдап калганы талдоого алынат. "Жеңиштин илебин илгиртпей туйган бийлик демилгени колдон чыгарбай оппозиция лидерине жана активдүү жактоочуларына чагылгандай чорт тийип, аларга каршы кылмыш ишин токуп ийди. Таламдаштарынын акывалына жаны ачыган «Атамекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев андай болсо 24- марттагы талап-тоноочулук үчүн Курманбек Бакиев баш болгон бүгүнкү бийлик башчылары да мыйзам алдында жооп берсин, келтирилген чыгымдарды төлөсүн»- деп жүйөөсү бар маселе койду. Бирок, ал карт тарыхтын катаал мыйзамын унутуп койгон шекилдүү. Так талашта жеңишке жетишкендер сот алдында жооп бербейт. Себеби сотторду өздөрү дайындайт. Ал эми жеңилген тарап кун төлөп, айыпка жыгылат",- деп жазат Уран Ботобеков. Андан ары ал оппозиция лидери болгон Феликс Куловдун аракетинен эч майнап чыкпаганын, анын саясий күнү ушинтип кайгылуу батып баратканын, эми лидерлик үчүн күрөш Өмүрбек Текебаев, Кубат Байболов жана Темир Сариев арасында тымызын жүрүп жатканы, бийлик аны толук пайдаланаары, эң ток этээри-учурда бийлик таарыныч үчүн элди аянтка ээрчитип чыга турган эмес, экономикалык ачык-айкын программасы бар, конституциялык реформа жүргүзүүгө дараметтүү оппозициянын жаңы мууну зарыл, деп аны күздөгү саясий күрөш көрсөтөт,- дейт саясат таануучу Уран Ботобеков.

Ушул «Замандаш» жумалыгында журналист Султан Жумагулов «өгүздү кантип өлтүрбөйм, арабаны кантип сындырбайм» деп суроо коюп, өлкөнүн тышкы саясатын талдоого алган. «Кыргызстан эки базага уруксат берүү менен региондогу эле эмес, дүйнөдөгү орошон геосаясий процесстердин агымына кирип алды. Мунун арты жакшылык болобу же эл жердин шору болобу, болжоп болгус. Дүйнө дөө-шааларынын Борбор Азияга көңүл кырын сала баштаганынын дагы бир сыры бар. Бул-таза суунун жана ага жараша арзан энергиясы булагы болгон. Демек, бул тегеректе жакынкы жылдары «кара дөөлөрдүн» кармашы күтүлөт деп болжоо болот,»- деп жазат Султан Жумагулов.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG