Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:21

15:49 Мирослав Ниязов: Тыңчылыкка байланышкан чатак кылдат чечүүнү талап кылат


Анткени, бул эл аралык мамилелерге байланышкан саясий маселе. Мындай пикирин бүгүн «Азаттыкка» Коопсуздук кенешинин мурдагы катчысы Мирослав Ниязов эки офицердин тыңчылык шек менен кармалышына байланыштырып билдирди. Кечээ «24kg» агенттиги Коопсуздук кызматынын бир, Коргоо министрлигинин мурда иштеген бир кызматкери тыңчылык кылды деген шек менен Коопсуздук комитетинин камагына алынганын кабарлаган. Мындай маалыматты бүгүн баш прокурордун маалымат кызматы тастыктап, Кылмыш кодексинин 302 беренеси боюнча кылмыш козголгондугун билдирди. Айрым маалымат каражаттары бул эки жарандын Орусиянын кызыкчылыгына иштеп жаткандыгы тууралуу божомолдорду жазышууда. Бирок, ал расмий тастыкталган жери жок. (BuS)

XS
SM
MD
LG